Menu

Сооронбай Жээнбеков менен Өмүрбек Бабанов биригеби?

Бөлүшүү:

Азыр жума сайын саясый айдыңда түрдүү аныктамалар жаралууда. Убакыттын өтүшү менен “аламан байгенин” прогноздоруна жараша келечектеги кадамга жол салчудайбыз. Эгерде кырдаал дал ушул жагына оосо кандай болот?

Февраль айы жаңырганы саясый чөйрөдө да алдыдагы президенттик жарышка карай жандануулар башталды. Көпчүлүк кулак түргөнү 28-февралда күтүлүп жаткан В.В.Путиндин Кыргызстанга болгон иш сапарында болууда. Мындан орус падышасы өкмөт башчыбыз Сооронбай Жээнбековдун жеке өзү менен жолугуп, кеңири форматта баарлашып, анда эле Кремлдин назары ага түшкөнү болжонууда (Атамбаев деле муну кош колдоп колдосо керек). Ошентип, аламанга карай Сооронбай Жээнбеков топ жарып чыгышы күтүлмөкчү. Мындай божомолду Россияда “күчтүү каналдары” бар кыргыздын дасыккан аналитиктеринин бири да ырастоодо. Эгерде расмий Кремлдин назары дал ушундай нукта кетсе өлкөдөгү экинин бири болгон, бардык жагынан шайма-шай келген лидер Өмүрбек Бабанов менен болочоктогк президент сөзсүз эсептешери турган иш. Сокеге ийгилик бактысы жылмайса, түндүк түштүккө бирдей караган Бабанов менен биригүүгө бел байлап, БӨТтү күчтүү командасы менен өкмөт башчылыкка сүрөй турганы болжолдонууда. Өмүрбек Токтогулович деле Россиянын “батасын алган” талапкерге каршы чыгышы кыйын. Ким эле миллиондорун шайлоодо асманга сапырып, кумга сиңген суудай жок кылгысы келсин. Азырынча эки талапкердин биригиши бардык жагынан реалдуу жагдайда өнүгөрү күтүлүүдө.

Булак: “Азия ньюс”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 77 − = 74

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: