Бүгүн, 2-фералда КР Жогорку Кеңешинин кезектеги отурумунда “Республика-Атажурт” фракциясынын лидери, депутат Өмүрбек Бабанов парламенттин СДПКчы спикери Чыныбай Турсунбеков парламенттин ишин алып баралбай жаткандыгына, калыс эместигине, депутаттардын сөзүнө комментарий берип, жеке керт баштарына асылып кеткендигине, Жогорку Кеңеш тууралу мыйзамдарды жана парламенттин регламентин бузуп жаткандыгына байланыштуу кызматынан отставкага кетүүсүн талап кылды.
Спикердин отставкасын “Республика-Атажурт” фракциясы расмий түрдө кагазга түшүрүп, жогорку трибунадан жарыялашып, мыйзам боюнча 72 сааттын ичинде парламентте каралышын талап кылып, расмий түрдө тапшырышты.
Булак: Кyrgyztoday.org
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ