Menu

Кыргызстан менен ЕАЭБге мүчө өлкөлөр ортосунда товар жүгүртүү азайды

Бөлүшүү:

Былтыр он бир айда Кыргызстан менен ЕАЭБге мүчө өлкөлөр ортосундагы товар жүгүртүү 16,7 % кыскарган. Бул тууралуу  премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Жогорку Кеңеште биримдикке мүчө болгондон кийинки жагдайга түшүндүрмө берип жатып айтты.

Маалыматка караганда, Евразия экономикалык биримдигинин жалпы кирешесинен Кыргызстан 2,8 млрд сом албай калды. Өкмөт башчы Кыргызстанда ушул тапта экономикалык кризис бар экенин да билдирди.

Муну убактылуу көрүнүш катары сыпаттаган Жээнбеков муну Орусияга киргизилген санкцияларга байланыштырды. Ага карабай, бажы планы толгонун белгиледи.

Кыргызстан ЕАЭБге 2015-жылы августта толук кандуу кошулган. Андан тышкары Казакстан, Орусия, Армения жана Беларус мүчө.

Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча, өткөн жылы Кыргызстандын ЕАЭБ өлкөлөрү менен соода алакасы 16,7% төмөндөгөн. Биримдик өлкөлөрүнө жасалган экспорт мурунку жылга караганда 8,1% азайган.

Сооронбай Жээнбеков маселени жыл аягына чечүү аракети жүрүп жатканын кошумчалады.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

+ 12 = 21

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: