Menu

«Виза режими жоюлсун». Тажик-өзбек чек арасынан репортаж

Бөлүшүү:

Жаңы гана «Дусти» өткөрмө бекети аркылуу Тажикстан тарапка өткөн Фергананын жашоочусу Хосият Сатторова карапайым эл Дүйшөмбү менен Ташкенттин ортосундагы мамиленин жакшырып баратканына үмүт менен карап жатканын айтты. «Виза режиминин жоюла электигине жана аны алуу үчүн өзбек тараптан чакыруу керек экендигине карабастан адамдардын көңүлү кыйла көтөрүлүп калды», — дейт ал.

Аймакта тажик-өзбек чек арасынын эки тарабында тең туугандары бар үй-бүлөлөр жүз миңдеп саналат. Бирок чек арадан өтүүдөгү кыйынчылыктар алардын өз ара байланышына тоскоолдуктарды жаратып келген. Көбү бир канча жылдан бери туугандарын көрө элек жана виза режими тез арада жөнөкөйлөтүлсө деп кыялданып келишет.

Абдурахмон Остонакулов Тажикстандын жараны, жаңы гана Өзбекстанда жашаган үй-бүлөсү менен көрүшүп келатат. «Мен Тажикстанда жашайм, жубайым болсо балдар менен Өзбекстанда. Аларга барарда үй-бүлөмөн расмий чакыруу күтөм, анан виза алып барам», – деди ал.

Тажикстан менен Өзбекстандын ортосундагы мамлекеттик чек аранын узундугу 1332,9 чакырымды түзөт. Эки өлкө ортосунда 2002-жылы кол коюлган өкмөттөр аралык келишимге ылайык, тажик-өзбек чек арасында 16 өткөрмө бекети орнотулган. Алардын тогузу эл аралык макамга ээ болсо, калгандары эки тараптуу мааниге ээ.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 51 + = 54

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: