Menu

Кечээ парламентте мыйзам чыгаруу менен аткаруу бийлигиндеги эки “могикандын” тиреши орун алды

Бөлүшүү:

Кечээ күнү парламентте Өкмөттүк саат болуп, анда мыйзам чыгаруу менен аткаруу бийлигиндеги эки “могикандын” тиреши орун алды.  Сооронбай Жээнбеков баштаган Өкмөт мүчөлөрү эл өкүлдөрүнүн берген суроолоруна жооп бергени парламентке жетелешип келип, берилген суроолорго кезеги менен эле жооп берип жатышкан. Сооронбай Жээнбеков оор-басырыктуу жан эмеспи, жооп бергенде дагы эмоцияга алдырбай, акырындык менен эле жооп узатып коёт. Балээнин баары Өмүрбек Текебаев процедура боюнча деп ортодогу микрофонго чыкканда башталбадыбы. Сооронбай Жээнбековдун үнү катуу чыгат деп эч ким күтпөсө да керек. Ал тургай Текебаев үчүн да бул күтүүсүз сокку болду окшойт. Эң жакшы коргонуу бул атака дегендей, Соке да коргонуп гана калбастан Өмүкеге атырылып жиберди. Өмүке “Өкмөттү саат экиде келип, фракция лидерлеринин сөзүн угуп кете беришсин, ага чейин депутаттар суроолорун берип алышпайбы, кандай дейсиңер?” деп маселе коюп калды эле, Өкмөт башчы саат экиде жыйыны бар экенин билдирип, экиде келе албай турганын билдиргенде, араң эле турган Текебаев текирең-таскакка түшүп кетти.

Текебаев: “Сооронбай Шарипович, ким менен жыйыныңыз бар? Эмне деген жыйын?” деп сурады эле, Жээнбеков “3 жыйыным бар” деп жооп узатты. Текирең-таскакка түшүп алган Текебаев ошону менен эле токтоп калган жок “Жыйынды токтотуш керек! Эң чоң жыйын мына бул жерде” деп кекиди. Бул сөздөн кийин Шариповичтен арстандын үнүндөй болгон үн чыкты го чиркин. Бул кишинин ачуусу да жаман экен. “Эмнеге токтотушум керек? Премьер-министр жыйынын койгон” деп күркүрөдү. “Ата-Мекендин” лидери “Мен сүйлөймүн, эмнеге токтотконун билесиңер! Болбосо отставкага кеткиле! Жыйыным бар деп эмне кыласыңар? Бир маселени чечпесеңер, Кудай буюрса деп олтурасыңар. Токтоткула андай жыйынды” деп титиреп кеткендей болду.  Жээнбеков деле жеңил-желпи жоо эмес экен да, көрсө. “Өкмөт иштеп жатат. Маселени чечип жатабыз. Сиз иштебейт десеңиз эле иштебей калабы? Көргүңүз келбесе, калганы көрүп жатат” деп Текебаев өзүнүн ыкмасына салып сүзгөндөй сокку узатты. Мындай соккудан кийин Өмүке “Колуңардан эч нерсе келбейт экен” деп келекелеп кирди эле, күч алып алган Өкмөт башчы “Сиз Өкмөттүн чогулушун токтото албайсыз!  Мен сиздин сөзүңүз менен Өкмөттүн чогулушун “отмен” кылбаймын! Мен Өкмөттүн чогулушун өтөмүн!  Эмнеге мен сиз айтканда токтотуп коюшум керек!” дегенде жыйындагы депутаттардын да деми чыкпай калгандай болду го. Спикер Чыныбай Акунович да куулукту кыйын өздөштүрүп алыптыр. Эки “могиканга” бир нерсе деп айта албай, эки жакты карап, күлүп гана кутулду. Өкмөттү каалаган убакта чакырып, каалаган нерсесин айта берген депутаттарга бул айтыш катуу сокку болду. Буга чейин Текебаевге бир дагы Өкмөт башчысы катуу үн чыгармак түгүл, кыймылдап койгондон коркчу да.

Булак: “Жаңы ордо”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 22 − 18 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: