АКШ президенти Дональд Трамп 2-февралда өлкөгө америкалык баалуулуктарды сыйлаган адамдардын гана кирүүсүнө аракет жасай турганын билдирди. Ал Вашингтондогу жыл сайын өтүүчү сыйынуу нанүштөсүндө кеп “диний жана жеке эркиндик” жөнүндө болуп жатканын айтты.
Президенттин пикиринде, америка коомчулугунда диний ынанымдарга карата кодулоого жол берилбейт. Ошол эле маалда жарандар өздөрүн коопсуз сезүүсү керек.
Трамп Америкада дүйнөдөгү эң эле айкөл иммиграциялык система өкүм сүрөрүн жана айрым кишилер мындан пайдаланып, зомбулукту жайылтууга аракет жасап жатканын баса белгиледи.
Президент өлкөгө коркунуч туудуруучулардын кирүүсүнөн сактай турган система орнотууну убада кылды.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ