Menu

Өзбекстан пахта теримде балдар эмгегин пайдалануудан баш тартты

Бөлүшүү:

Эл аралык эмгек уюму өз байкоолоруна таянып, Өзбекстан пахта теримде балдар эмгегинен баш тартканын билдирди. Уюм баяндамасында айыл чарба жана билим берүү тармагында мониторинг жүргүзгөн маалда мурагыдай өспүрүмдөр оор ишке тартылбаганын жарыялады.

«Балдар эмгегинин ылайыксыз экенин коомдун бардык катмары – бийлик, мугалимдер, адистер, фермерлер, ата-энелер жана балдар да моюнга алышат. Өзбекстан балдар эмгегин колдонуу тажрыйбасынан баш тартты», – деп айтылат уюмдун баяндамасында.

Баяндама 2016-жылдын сентябрь-октябрь айларында – пахта терим учурунда жүргүзүлгөн иликтөөгө таянат. Ошол эле маалда студенттер, дарыгерлер, мугалимдер, мамлекеттик кызматкерлер мажбурлап ишке тартылып жатканы да белгиленет.

Мониторинг авторлорунун айтымында, мунун алдын алуу үчүн кошумча чараларды кабыл алуу зарыл. Мажбурлап иштетүү тажрыйбасы бар экенин өзбек өкмөтү да моюнга алат.

Буга чейин 100дөн ашуун дүйнөлүк белгилүү бренд жана компания балдар эмгенинин пайдаланылгандыгы үчүн өзбек пахтасын колдонуудан баш тарткан.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 6 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: