Menu

Жапондор чоңдорду бөлөө менен стресстен арылышууда

Бөлүшүү:

Стресстен арылуу үчүн жапондор жаңы терапия ойлоп табышты. Ал чоңдорду ороп-чулгоо деп аталат. Кишилерди баладай кылып эле жалаякка ороп таңышат. Бул учурда бейтап өзүн энесинин курсагында жаткандай сезет.

Бул терапиянын сүрөөнчүлөрү жаңы ыкма стресстен арылтып, булчуң-муунду бошотот жана өзгөчө төрөттөн кийинки аялдарга жардам берет деп ишенишет. “Бул процедура абдан адамды тынчтандырат экен. Таңылган ымыркай эмне себептен жакшы уктай турганын эми билдик. Бул төрөттөн кийинки аялдар үчүн абдан пайдалуу деп эсептейбиз, себеби алардын ийин жана белдери абдан ооруксунуп калат”,- деди аялдардын бири.

Жаш энелерге жардам көрсөткөн Токиодогу уюм бул ыкманы колдонуп көргүсү келгендер үчүн машыгуу өткөрдү. Адистердин көзөмөлү алдында аялдар бири-бирин орошту. Процедураны туура жасоо үчүн ымыркайдай болуп жатып берүү зарыл. Ороп-чулгоо бүткөн соң, акырын термелтүү керек, ошол маалда аял өзүн жакшы сезип калат.

Бирок айрым медицина кызматкерлери терапиянын эффктивдүү экендигине ишенбейт. “Астма менен жабыркаган кишилер үчүн бул пайдалуу, оңой дем алып калышат, бирок жалаякты чечкен соң кайра мурунку калыбына келишет. Анын үстүнө мындай терапия кантип пайда алып келсин”- дейт алардын бири. Ошол эле маалда медиктер арка-бели ооруган адамдар бул ыкманы колдонбошу керек деген кеңеш беришет.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 24 − 23 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: