Menu

Нарын областтык соту жыл жыйынтыгын чыгарды

Бөлүшүү:

Нарын облусундагы жергиликтүү соттордун 2016-жыл ичиндеги жүргүзгөн ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгын чыгарган кеңешме 3-февралда Нарын областтык сотунун имаратында болуп өттү. Бул тууралу Нарын областтык сотунун басма-сөз кызматы билдирет.  

Кеңешменин ишине Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Төрайымы Айнаш Абдымановна Токбаева жана Кыргыз Республикасыгнын Жогорку сотуна караштуу   Сот департаментинин директору Р. И.  Ибраимов катышты.

Жыл жыйынтыгына арналган кеңешмеге Нарын областтык сотунун төрагасынын орун басарлары, областтык соттун судьялары, райондор аралык, райондук жана шаардык соттун төрагалары жана судьялары келишкен.

Кеңешмени Нарын областтык сотунун төрагасынын милдетин аткаруучу Алдаярбек  Абдыбеков ачып, күн тартибиндеги карала турган маселелер менен тааныштырды.

Нарын областтык сотунун төрагасынын орун басары, судья Үсөн Сарымсаковдун баяндамасынан улам белгилүү болгондой 2015-жылга салыштырмалуу 2016-жылы күчүндө калтырылган иштердин саны боюнча аппеляциялык жана кассациялык  тартипте даттанылган кылмыш иштер боюнча аппеляциялык тартипте даттанылган иштердин  күчүндө калтырылгандыгы өсүп, жакшыргандыгы байкалган.

Жыл жыйынтыгына арналган кеңешмеде 2016-жыл ичинде жарандык иштер боюнча  областтык соттун төрагасынын орун басары Мирлан Байышовдун ошондой эле экономикалык иштер боюнча областтык соттун төрагасынын орун басары, судья  Замира Амиракулованын билдирүүлөрү угулду.

2016-жылдын жыйынтыгы менен Нарын областтык сотунун жарандык иштер боюнча соттук коллегиясына жалпысы 149 жарандык иш апелляциялык жана кассациялык тартипте кароого өндүрүшкө келип түшкөн. Каралган иштердин негизги категориялары болуп: доону өндүрүү, жумушка кайра орноштуруу, турак-жайдан мажбурлап чыгаруу тууралуу иштер түзгөн.

Жыл жыйынтыгына арналган кеңешмеде келтирилген маалыматтардын негизинде  А.Абдыбеков ишти кароодо жана анын сапатына көңүл буруу багытында алдыда турган милдеттерге токтолду.

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Төрайымы Айнаш Абдымановна  кеңешменин ишин жыйынтыктап сөз сүйлөп, Нарын областынын сотторунун жыл ичинде аткарылган иштери өткөн жылга салыштырмалуу 5 пайызга жакшыргандыгына токтолду. Бирок бул көрсөткүчтү дагы да жогорулатуусун өтүндү.

Ошондой эле Жогорку соттун Төрайымы сот адилеттигин ишке ашырууда жогорку сапаттагы  бирдей тажырыйбага жетишүүнү, коомчулукта элдин сот тутумуна болгон ишенимин кайтарууну, сот ишиндеги процессуалдык нормаларды сактоону, коррупцияга бөгөт коюну жана башка бир катар тиешелүү маселелерге, өзгөчө мамлекеттик алым, соттук чыгымдарды өндүрүү боюнча аткаруу баракчаларын өз убагында өткөрүп берүү жана анын аткарылышын көзөмөлдөөгө токтолду.

Кеңешменин аягында Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Төрайымы А.А. Токбаева 2016-жылдын жыйынтыгы боюнча сот адилеттигин ишке ашырууда жакшы көрсөткүчтөргө ээ болгон Нарын облустук сотунун судьялары М. Дүйшөнбекованы жана А. Орозалиевди куттуктоо менен Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Алкыш баракчасын салтанаттуу тапшырды.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 14 = 15

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: