Menu

Талас облусу 2016-жылы дүйнөнүн 32 өлкөсү менен соода байланышын түзүп, экспорттун көлөмүн 1 млрд. 222 млн. сомго жеткирди

Бөлүшүү:

Бүгүн Талас шаарынын А. Огомбаев атындагы музыкалык мектептин чоң концерттик залында облустун 2016-жылдагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыгына  арналган   чоң салтанаттуу жыйын болду. Ага облустагы шаар- райондордун жетекчилери,    айылдык, шаардык кеңештердин жаңы шайланган депутаттары, жаңы бекилген айыл өкмөт башчылары, ошондой эле  облустун алдынкы фермерлери, дыйкандары, ишкерлери – жалпысы 450дөн ашык адамдар катышышты. Салтанаттуу жыйындын алдында анын катышуучуларына облустун 2016-жылдагы социалдык-экономикалык өнүгүүсү жөнүндө атайын видеотасма көрсөтүлдү.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Дайыр Кенекеев өткөн жылдын жыйынтыгы жана алдыда турган милдеттер жөнүндө кыскача баяндама жасады.  Баяндамада белгиленгендей  2016-жылы облустун негизги өндүрүш тармагы болгон айыл чарбасында 17,7 млрд. сомдук дүң продукция өндүрүлүп, салыштырмалуу баа менен алганда өсүү темпи 101,6 пайызга аткарылган. Ушундай эле ийгиликтер өнөр жай, элге кызмат көрсөтүү, транспорт жана капиталдык курулуш тармактарында да орун алган. Талас облусу дүйнөнүн 32 өлкөсү менен соода байланышын түзүп, чет өлкөлөргө экспорттук жөнөтүүлөр бир жылдын ичинде эле 1 млрд. 222 млн. сомго көбөйгөн. Негизги капиталга инвестицияларды тартуу 135,8 пайызга аткарылган.

Салтанаттуу жыйында социалдык-экономикалык өнүгүү жагынан мыкты көрсөткүчтөрдү камсыз кылып, алдынкы орунга чыккан Бакай-Ата району “Мыкты район” деп табылып, аталган районго облустук өкүлчүлүктүн Өтмө Кызыл Туусу тапшырылды. Ошондой эле жыйында “Жылдын мыкты айыл аймагы”, “Жылдын мыкты мекемеси”, “Мыкты кызматкер”, “Мыкты насаатчы”, “Мыкты спорттук уюм”, “Мыкты фермер”, “Мыкты дыйкан”, “Мыкты багбан” деген номинациялар боюнча жеңүүчүлөрдүн ысымдары аталып, аларга Ардак Грамоталар, атайын күбөлүктөр жана акчалай сыйлыктар ыйгарылды. Салтанаттуу жыйын чоң концерттик программа менен аяктады.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 44 − 42 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: