Menu

Түркмөн алабайлары аскердик кызматта колдонулат

Бөлүшүү:

Түркмөн президенти алабай породасындагы иттерди аскердик кызматта колдонуу боюнча атайын борбор түзүүнү тапшырды. Өлкө башчынын көрсөтмөсү Коопсуздук кеңешинин жыйынында айтылды. Коргоо министрлигинин кабарлашынча, кылмышкерлерди кармоо, жардыруучу жана наркотикалык заттарды табуу максатында алабайлардын катышуусу менен атайын машыгуулар өтөт.

Коргоо министри машыгуулар учурунда алабайлар өзгөчө чеберчилигин көрсөткөнүн баса белгилейт. Ошол эле маалда түркмөн адистери бул породадагы иттерди аскердик кызматта колдонуу пайдалуу болоруна ынанбай турушат.

“Алабайлар аскердик ишке анча жарабайт. Бул союз маалында эле аныкталган. Маселен, овчаркага “мага кел” деген буйруктарды үйрөтө албайсың. Аларды күч менен тутуу туура эмес деп эсептейм”, -деди саяпкер жана аңчы Гельды Кяризов. Ал түркмөн бийлиги алабайларды популисттик максатта колдонууда деп эсептейт.

Бул арада Түркмөнстандын расмий медиасы алабайларды аскердик максатта колдонуунун тарыхый мааниси бар экенин билдиришүүдө. Алардын пикиринде, алабай бекеринен 2017-жылы өтө турган Азия оюндарынын тумары катары тандалган жок. Кулак, куйругу кесилген шайыр-шайдоот балтек спорттук иш чарада баарынын сүймөнчүлүгүнө айланышы керек деп эсептешет түркмөн басылмалары.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 55 − 45 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: