Menu

Ысык-Көл областтык соту 2016-жылдын жыйынтыгын чыгарды

Бөлүшүү:

2017-жылдын 4-февралында Ысык-Көл областындагы жергиликтүү соттордун 2016-жылдагы ишмердүүлүгүн жыйынтыктоочу кеңешме өткөрүлдү. Бул тууралу Ысык-Көл областтык сотунун басма-сөз кызматы билдирет.

Кеӊешмеге Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Төрайымы Айнаш Абдымановна Токбаева катышты.

Ошондой эле кеңешмеге Ысык-Көл областтык сотунун төрагасы А.К.Молдакунов, анын орун басарлары Б.С.Асанбаев, Г.С.Алиева, А.А.Досмамбетов, Ысык-Көл областтык сотунун судьялары, шаардык, райондук, райондор аралык соттордун төрагалары жана судьялары келишти.

Ысык-Көл областтык сотунун төрагасы А.К.Молдакунов кеӊешмени ачып, күн тартибиндеги  каралчу маселелерди угузду.

Кийинки сөз Ысык-Көл областтык сотунун жазык иштери жана административдик укук бузуулар жөнүндөгү иштер боюнча соттук коллегиясынын төрагасы Б.С.Асанбаевге берилди. Ал өзүнүн сөзүндө төмөндөгүлөрдү айтты: “Ысык-Көл областынын шаардык, райондук сотторунун Ысык-Көл областынын Сот департамент башкармалыгына берген отчетторуна ылайык, 2016-жылы бардыгы болуп 1561 жазык иштерин карашкан”.

Андан соң, Ысык-Көл областтык сотунун жарандык иштер боюнча соттук коллегиясынын төрайымы Г.С.Алиева статистикалык маалыматы менен бөлүштү. 2016-жылдын 12 айынын ичинде Ысык-Көл областынын биринчи инстанциядагы сотторуна 6407 иш түшкөн, анын ичинен 5452 иш каралган.

Кийинки кезекте административдик жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясынын төрагасы А.А.Досмамбетов кеңешменин катышуучуларын өзүнүн баяндамасы менен тааныштырды. 2016-жылда, статистикалык маалыматтарга караганда Ысык-Көл областынын райондор аралык сотуна баардыгы 1232 иш жана 155 материалдар келип түшкөн.

Областтык соттун жыл жыйынтыгына арналган кеңешмеге катышкан Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Төрайымы А.А.Токбаева кеңешменин ишин жыйынтыктап сөз сүйлөдү. Негизинен сот адилеттигин ишке ашырууда жогорку сапаттагы бирдей тажрыйбага жетишүүгө, коомдун, элдин сот тутумуна болгон ишенимин кайтарууга, бардык судьяларга ишти бирдей бөлүштүрүү, анда убактысын, белгиленген мөөнөтүн, процессуалдык нормаларды сактоо, коррупцияга жол бербөө, судьялар менен сот кызматкерлеринин тараптар менен байланышка барбоосу, малекеттик алым, соттук чыгымдарды өндүрүү боюнча аткаруу баракчаларын өз убагында өткөрүп берүү жана анын аткарылышын көзөмөлдөө, жер маселеси, жашы жетпегендерге карата ишти кылдат кароо ж.б. маанилүү маселелерге токтолду.

Ошондой эле жыл жыйынтыгы боюнча сот адилеттигин ишке ашырууда жогорку сапаттагы көрсөткүчкө жетишкен Ысык-Көл областынын райондор аралык сотунун судьясы М.Тагаевге алкыш жарыялады.

Кеңешменин соңунда тиешелүү токтом кабыл алынды.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 51 − 44 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: