Menu

Бүгүн өкмөттө 2017-2026-жылдарга ирригацияны өнүктүрүү мамлекеттик программасы боюнча жумушчу жыйын өттү

Бөлүшүү:

Бүгүн, 7-февралда, КР Өкмөтүндө Кыргыз Республикасында 2017-2026-жылдарга ирригацияны өнүктүрүү мамлекеттик программасы боюнча жумушчу жыйын өткөрдү. Бул тууралу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирет.

Өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков аталган программанын маанилүүлүгүн белгилеп, ал Кыргызстандагы суу ресурстарын эффективдүү чечүүдө негизги багыт болуп саналарын кошумчалады.

«Ирригацияны өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн эске алуу менен, суу чарба тармагындагы инвестициялык долбоорлорго татыктуу көңүл бурулуш керек. Аталган программа комплекстүү проблемаларды чечүүгө, тактап айтканда азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу, жакырчылыкты жоюу жана айыл тургундарынын ички миграциясын азайтууга жол ачат», – деди Сооронбай Жээнбеков.

Премьер-министр документ Крыгыз Республикасынын Улуттук өнүктүрүү стратегиясына кирген, жаңы сугат жерлерин ишке киргизүү боюнча, тармактагы маселелерди чечүүгө багытталган программалык документ болуп саналаарын билдирди.

Кыргыз Республикасынын айыл чарба тамак-аш жана мелиорация министрлигинин алдындагы Суу чарба жана мелиорация департаментинин директору Көкүмбек Таштаналиевдин маалыматында, программа айыл жеринде жаңы сугат жерлерин пайдаланууну камсыз кылууга, айыл чарба азыктарын өстүрүүгө, аймактардагы социалдык-экономикалык абалды жакшыртууга, азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылууга багытталган.

Анын айтымында, программа 58,8 млрд сом бөлүнсө 65,5 миң гектар жаңы сугат жер ишке кирип, жерлерди суу менен камсыз кылуу 51 миң гектарга көбөйүп, 9,5 миң гектар жер машина менен эмес, өз алдынча суугарууга өтүп, 50 миң гектар жердин мелиоративдик абалы жакшырат.

Аталган программа бардык облустардын сунуштарын эске алуу менен иштелип чыгып, аймактардагы элдин социалдык-экономикалык абалын жакшыртууга, жаңы жумуш орундарын түзүүгө, жаңы өздөштүрүлгөн жерлерге айыл чарба кооперативдерин түзүүгө, тоо кен жана кайра иштетүү өндүрүшүн жакшыртууга жол ачат. Анда 242 миңден ашык жаран жумуш менен камсыз болоору пландалууда. Жаңы сугат жерлери кошумча жумуш орундарын гана түзбөстөн, алардан жылына 1,5 млрд сом ижара алып туругууга да болот.

Кокумбек Таштаналиев аталган программанын алкагында  объекттерди ишке киргизүү үч багытта каралып, финансылык булак, ички жана тышкы булактар аркылуу ишке ашырылаарын маалымдады.

Буга байланыштуу Өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков республикалык бюджетке жүктөм келтирбөө үчүн, аталган объектти каржылоого финансылык булактарды издөөнү тапшырды.

Жыйын соңунда Кыргыз Республикасынын 2017-2026-жылдарга ирригацияны өнүктүрүү программасынын концепциясы жактырылды. Долбоор жакын арада Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн каароосуна жөнөтүлөт.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 8 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: