Menu

Депутат Кожобек Рыспаев: ««Акылдуу электрэсептегичтерди» киргизген кызмат адамдарын жоопко тартыш керек»

Бөлүшүү:

«Акылдуу электрэсептегичтерди» колдонууга киргизген кызмат адамдарын жоопко тартыш керек. Анын колдонулушуна нааразы болгон жарандар улам арбып барат. Алар «акылдуу эсептегичтердин» туура эмес эсептегенине жана инспекторлордун аны сатып алууга мажбурлап жатканына нааразы. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинин төрагасы Кожобек Рыспаев Бишкек шаарынын энергетикалык интерактивдүү картасынын бетачары өтүп жатканда билдирди.

«Электр энергиясын пайдаланганы боюнча эсептер башаламан жүргүзүлүп, бирөөнө аз, бирине көп келүүдө. Эмне үчүн башында эле бирдиктүү серверлер орнотулган эмес? Өткөн 5 жыл аралыгында 115 миӊ гана АСКУЭ жабдуусу орнотулса, 21 гана көзөмөлдөөчү инспектор кыскартылыптыр. Мурда башкача сүйлөшүлгөн болчу. Эми аны ишке киргизген кызмат адамдары жообун бериши керек», – деп, депутат жалпысынан 1 млн 300 миӊ «акылдуу эсептегич» орнотулушу керек экенин, буга чейин орнотулган АСКУЭ жабдуулары анын 9 пайызын эле түзө турганын баса белгиледи.

Белгилей кетсек, электр энергиясынын азыркы тарифине ылайык, кардарлар айына 700 кВт/саатка чейин 77 тыйындан, ал эми андан ашканына 2 сом 16 тыйындан төлөйт.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 6 + 4 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: