Акүйдүн катчысы Шон Спайсер Ирандын руханий лидери аятолла Хаменейинин АКШ бийлиги тууралуу «кемсинтүүчү» билдирүүсүнө жооп берди.
Анын айтымында, Кошмо Штаттардын жаңы жетекчилиги «кол куушуруп отура бербестен», Иран тараптан коркунуч жараткан бардык мыйзам бузууларга реакция жасайт.
Ошол эле маалда ал Иранды мурдагы президент Обаманын администрациясы менен кол коюлган өзөктүк келишимди сыйлабай жатат деп айыптады.
Күн мурун Ирандын руханий лидери аятолла Сейед Али Хаменейи бүтүндөй бир улутка каршы чектөөлөрдү киргизүү менен АКШ өзүнүн чыныгы жүзүн көрсөткөнүн билдирген. «Трамп АКШнын башкаруу системасындагы саясий, экономикалык, моралдык, социалдык коррупция жөнүндөгү Ирандын буга чейинки билдирүүлөрүнүн чын экенин ырастады», – деген Ирандын руханий лидери.
Дональд Трамп бийликке келгенден бери АКШ Иранга карата бир катар санкцияларды киргизди. Вашингтон февралдын башында Иранга баллистикалык ракеталарды сыноодон өткөргөндүгү туура эмес экенин эскерткен.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы“
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ