Menu

Фото – Жалал-Абадда мыйзамсыз соода жүргүзгөндөр көзөмөлгө алынууда

Бөлүшүү:

Жалал-Абад шаарындагы коомдук жайларда жана жөө атуулдар өтүүчү жолдордо мыйзамсыз соода жүргүзүүү көрүнүштөрүн иретке келтирүү үчүнатайын текшерүү тобу рейддерди ткөрүштү. Бул тууралуу Жалал-Абад шаарынын мэриясынын экономикалык өнүгүү бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Аида Алиева билдирди.

Анын айтымында, шаардын айланасын көрккө келтирүү жана тазалоо, шаардын аймагындагы чачкынды сооданы иретке келтирүү максатында шаар мэриясынын алдындагы Керек-жарак рыногу жана кызмат көрсөтүү департаменти, Муниципалдык менчикти башкаруу комитети жана Патрулдук милиция кызматкерлери менен биргеликте рейддер өткөрүлуп жатат.

-Рейдге катышкан комиссиялык курамдын чечими менен  соодагерлерге алгач үч күндүн ичинде ал жердеги соодасын токтотуу боюнча эскертүүлөр берилди. Эгер комиссия тарабынан коюлган талаптар аткарылбаса, административдик түрдө айып пул салынат. Биздин максатыбыз – шаарда соода жүргүзүүнү иретке салуу жана шаар тазалыгын камсыз кылуу, – дейт ал.

Эскерте кетсек, шаар бийликтери мыйзамсыз соода жүргүзүү фактыларын ооздуктоо максатында буга чейин жүк ташуучу автоунааларды да текшерүүдөн өткөрүп, унаа ээлерин патент алууга үндөгөн.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 4 = 6

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: