Menu

Бабырбек Жээнбеков: Прокурорлорго сурак болобу?

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын башкы прокурору

И.Жолдубаеванын өз колуна

720072 Бишкек шаарынын Көкчө-Тоо көчөсүндөгү

№234-үйдүн жашоочусу, юрист

Джеенбеков Бабырбек  Субановичтен

тел. 0-770-83-10-83

А Р Ы З

Урматтуу   Индира   Ырысбаевна!

Мен Кыргыз Республикасынын Президентинин аппарат жетекчиси Ф.А.Ниязовдун (“Майдан кg” гезити, 07.12.2016-жыл №44), бир нече жолу сиздин наамыңызга жөнөткөн кайрылууларымда тажрыйбалуу, өз ишине жоопкер мамиле  жасаган юрист катары фактыларды так, ачык, түшүнүктүү тастыктап берүүгө аракет кылып келдим.

Бирок, тилекке каршы, Башкы прокуратурадан, анын структуралык органдарынан конкреттүү жооп албаганым  мени өтө өкүндүрүүдө. Бул деген Сиз жетектеген мамлекеттик  башкы көзөмөл органы өз кызматкерлеринин кылмыштуу иштерин жаап-жашырууга, кеңири коомчулукка аларды алып чыкпоого кызыкдар экендигин, ошондуктан мага окшоп адилеттик, чындык издегендердин кулактарын ушалап, кыргыз кесмелерин илгенге маш болуп бүткөндөрүн гана айгинелейт.

Мурдагы кайрылууларымда айтылгандарды кайталап отурбай окуянын хронологиясын эсиңизге салып коеюн. Себеби, Башкы прокуратура, Ысык-Көл областтык прокуратурасы менен менин ортомдогу “мышык-чычкан” оюну” 2014-жылдын 11-ноябрында “Алиби” саясий жана укуктук гезитине жарыяланган “Ысык-Көлдөгү жер мафиясын жер менен жексен кылчу күч барбы?”-аттуу сын материалдан башталган. Ал материалды Башкы прокуратуранын башкармалыгынын? башчысы Н.Дюшембиев “толугу менен мыйзам чегинде ар тараптуу териштирүү” үчүн 21.11.2014-жылдагы №10/2-2 каты менен Ысык-Көл областтык прокуратурасына жөнөткөн.

Областтык прокурордун орун басары М.Насыров өзүнүн 02.12.2014-жылдагы №11/1-33пр/14-каты аркылуу сын материал менен макул болуп, бирок кылмыш жоопкерчилигине тартуу мөөнөтү өтүп кеткендиктен иш козгоодон баш тартылгандыгын билдирген.

Баштаган ишти аягына чыгармайынча, өз чындыгымды далилдеп  бермейинче жай албаган  жаным 2015-жылдан 27-августунда областтын жаңы прокурору Айдарбеков Муктарбек Аскарбековичке айныгыс фактыларды көрсөтүп кайрадан кайрылдым, отурган кеңсесине үч ирет бардым.

2016-жылдын 13-майында облпрокуратуранын бөлүм башчысы Т.Исалиловдон жооп кат келди. Мурдагы чечим жокко чыгарылып, иш кошумча текшерүүгө жиберилиптир. “Кимди ким көрдү, Быржыбайды там басты” кылып облпрокуратура менин арызымды кайрадан “басып” койду.

2016-жылдын 25-августунда Сиздин наамыңызга арыз киргиздим (кириш №2882).

2016-жылдын 26-августунда Кыргыз Ѳкмөтүнүн алдындагы экономикалык кылмыштар менен күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын төрагасы А.Ж.Кадыралиевдин наамына арыз бердим (кириш №Д-36). Анын бир оперкызматкери жакшы эле аракет кылып чуркап баштады эле Ысык-Көл районунун прокурору М.Таалайбековдун кийлигишүүсү менен ал иш да “кан буугандай” токтоду. Ошондон бери ал тараптан алакандай кагазга жазылган жооп да жок.

Сизге берилген катка Башкы прокуратуранын изин суутпай издөө ишмердүүлүгүнүн мыйзамдуулугун жана тергөөнү көзөмөлдөө башкармалыгынын улук прокурору Н.Чекирова 2016-жылдын 16-сентябрында №8/1-474-16 каты менен жооп бериптир. Бул жоопто деле баягы эле “лапшалар”, шыпты тиктеп отуруп чиймелеп койгон “облпрокуратура туура эмес чечим кабыл алган. Сиздики негиздүү. 16-сентябрда облпрокуратуранын чечими жокко чыгарылып, кайрадан кошумча текшерүүгө жиберилди. Текшерүүнүн жыйынтыгы тууралуу облпрокуратура сизге кошумча билдирет”-маанисиндеги  “жомок”.

Билдиргени ушул, 2016-жылдын 7-декабрында Ысык-Көл областынын прокурору М.Айдарбековдун колу коюлган №8-87/16 кат келиптир. Баягы эле жооп. Аягында “кабыл алынган чечимге нааразы болсоңуз, жогоруда турган прокурорго же сотко кайрылууга укутуусуз”-деп жазган экен (кат кандай жазылса ошондой берилди), ошол “укутуумдан” пайдаланып Сизге, Кыргыз Республикасынын башкы прокурору Индира Жолдубаевага, арыз менен кайрылууга туура келүүдө. Бул арызымда дагы мен Сизге ачык, так талаптарды коюп жатам, ал талаптар Кыргыз Республикасынын Кылмыш-процессуалдык кодексинде каралган талаптар. Ошондуктан Сиз дагы мага ошол эле Кодекстин талаптарын сактоо менен жооп берүүңүздү суранам.

1.“Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө” мыйзамдын 6-беренесинин 3-пунктунда “кайрылууларды чечимдерине же болбосо аракеттерине даттанылган органга же кызмат адамына кайра жөнөтүүгө тыюу салынат”-деген императивдик норма каралган. Мен ар бир кайрулуумда Ысык-Көл областтык прокуратурасынын, анын жетекчилигинин аракеттерине даттануу келтирип жатсам, “алар кылмышкерлерди жаап-жашырып жатат”-деп айыптап жатсам эмне үчүн Башкы прокуратура менин кайрылууларымды ошол эле прокуратурага жөнөтүп, өзүнүн баш мыйзамынын талабын одоно көз-көрүнөө бузуп жатат?

2.“Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө” мыйзамдын 4-беренесинин 2.2.пунктунда (кыргызча редакциясы чала сабат которулуп калгандыктан орусча вариантын келтирем) “ответственность нижестоящих прокуроров перед вышестоящими за выполнение служебных обязанностей”-деп, ал эми 3.2.пунктунда “органы прокуратуры:…принимают меры по пресечению нарушений закона, от кого бы они ни исходили, восстановлению нарушенных прав и привлечению к установленной законом ответственности лиц, допустивших их нарушения”-деп жазылган.

Сиз эки жарым жылдан бери менин канкакшап айткандарымды чымын чакканчалык көрбөй, мамлекетке өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирүүгө шарт түзгөн кылмышкерлерди жаап-жашырып келген Ысык-Көл областтык, Ысык-Көл райондук прокурорлорунун иш-аракеттерин колдойсузбу? Колдобосоңуз эмне себептен аларга ушул күнгө чейин тиешелүү чаралар көрүлбөй келет? Же антүүгө негиз жа себеп жокпу?

Эгер андай болсо “атайылап жалган билдирүү жасаган” деген айып менен Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 329-беренесинин негизинде менин үстүмдөн кылмыш ишин козгобойсуңарбы. Турат го бийлик колуңарда.

3.Кыргыз Республикасынын Кылмыш-процесстик кодексинин 150-беренесинин 1.1. жана 1.4.пункттарына ылайык кылмыш ишин козгоого жарандардын арыздары жана жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыяланган билдирүүлөр себеп, ал эми кылмыштын жасалгандыгын далилдүү көрсөткөн маалыматтар негиз болот. Мындай билдирүүлөр менен маалыматтар, болгондо  да документтер менен коштолгон фактылар тууралуу маалыматтарды мен Башкы прокуратурага да, Ысык-Көл областык прокуратурасына да бир нече жолу бердим. Эмне үчүн аларга баа берилбей жатат?

4.2016-жылдын 16-январында мен Башкы прокуратуранын коррупцияга каршы жана мыйзамдардын аткарылышын көзөмөлдөө башкармалыгына (Р.Маженов) Кыргыз Республикасынын Президентинин аппарат жетекчиси Ф.А.Ниязовго жолдогон кайрылуу боюнча түзүлгөн справканын көчүрмөсүн берүү өтүнүчү менен кайрылган элем.

Башкармалыктын башчы орунбасары М.Чоробаев 25.01.2017-жылы менин наамыма №11/1-367-16 санду кат жөнөтүптүр. Биок, анда менин өтүнүчүм тууралуу бир сөз жок. Справканын көчүрмөсү менин колума тиеби же тийбейби? Мен жазган фактылар боюнча изилдөө жүрүп, справка жазылып жатса Башкы прокуратура эмне жазгандыгын кайрылуу ээси билүүгө акылуу эмеспи? Мен ал справка  менен макул же макул эмес болушум мүмкүн да. Макул болбосом өз жүйөөлөрүмдү келтирүү укугумду эмне үчүн Башкы прокуратура жокко чыгарууга тийиш? “Жапма челек” оюнун токтотуп, “Б.Джеенбековдун  мунусу туура, бул жеринде аша чаап кетиптир”-десе мен да айтарымды айтайын да

Ошондуктан, урматтуу Индира Ырысбаевна, менде дагы бир күдүк ой калбасын үчүн ошол справканын көчүрмөсүн бердирип койсоңуз.

5.М.Чоробековдун мага жөнөткөн катын окуп алып, мен ырасын айтсам, мыйзам талаптарын чемичкедей чаккан, адискөй  Башкы прокуратурадан эмес, Ганс Андерсендин жомоктор өлкөсүнөн жооп алгандай болуп отурам. Антип айтканым үчүн мен Башкы прокуратуранын айрым кызматкерлеринин намысына тийгим келбейт, алар мени жаман көрүшпөсүн. Мен болгону ачык, так жазылган катка ачык, так жооп алгым келген.

М.Чоробековдун жообуна караганда Башкы прокуратура дагы бир жыландын башын кылтыйтып турат. Мен “мыйзам талаптарын так сактайлы, так аткаралы”-деп жатам. Эгер эртең Башкы прокуратура кимдер бирөөлөрдүн буйрутмасын аткарып, мыйзам талаптарын бурмалап баштаса мен мыйзам тарабында болуп, калыс сөзүмдү айтып чыгаарымды эсиңизге салып койгум келет. Демек, алдыда айтылар көп сөз бар. Азырынча, менин эң негизги талабым-мыйзам талаптарын тактеке кылып ойнотуп  келген Ысык-Көл областтык, райондук прокурорлорунун үстүнөн КР КЖКнын 304-беренесинин 3-пункту, 323-беренеси менен кылмыш ишин козгооңузду, КР КПКнын 18-беренесинин 1.2-пункттарынын негизинде ээлеген кызматтарынан убактылуу чететтип турууңузду суранам.

Менин ушул беш суроо-талабыма так, ачык жооп берүүңүздү дагы бир жолу өтүнөм. Эгерде  ушул суроо-талаптар мыйзам чегинде калыс жана адилет аткарылбаса мен Кыргыз Республикасынын Президентине кайрылууга мажбур болом.

  Сизди урматтоо менен,

                                              Бабырбек Джеенбеков. 

09.02.2017-жыл.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: