Menu

Бажыдагы миллиондор

Бөлүшүү:

“Азаттыктын” “Ыңгайсыз суроолор” телеберүүсү Кыргызстандын бажы тармагындагы коррупциялык схемаларды иликтөөгө алды.

Кытайдын расмий органдары 2015-жылы Кыргызстанга экспорттолгон товар 4 млрд 280 миллион доллардан ашканын көрсөткөн.

Ушул эле жылы Кыргызстан Кытайдан 920 миллион долларга жакын гана товар импорттогонун билдирген. Бир сөз менен айтканда Кытайдан кирген товардын көлөмү боюнча кыргыз тараптын статистикасы Кытайдан төрт эсе аз. Бажы кызматы болсо бул айырмачылыкты жүктү саноо ыкмасы эки өлкөнүкү эки башка болгону менен түшүндүрүүдө.

Кытайдан Кыргызстанга Торугарт жана Эркечтам бажы бекеттери аркылуу жылына 20 миңге жакын жүк ташуучу унаа кирет. Майрам жана эс алуу күндөрүн кошкондо 120 күндөй бажы өткөрмөсү иштебейт. Ошондо калган ар күнгө 80 фурадан туура келет. Ар бир жүк ташуучу унаада орточо 25 тоннадан товар бар деп эсептесек, күн сайын эки миң тоннадай товар кирет.

Бажы тариздөөсүн килограммына орточо 1,5 доллар же 100 сом деп эсептесек күн сайын 200 миллион, жылына (245 күндө) 49 миллиарддай сом казынага түшмөк. Бажыдан жылына 30 миллиард сомго жакын акча чогулганын, фуралардын 25 пайызы Өзбекстанга транзит экенин эске алганда, 15 миллиардга жакын сом “сол чөнтөктөргө” кетиши мүмкүн дешет адистер.

Былтыр “Манас” аэропорту аркылуу баасы 70 миллион сомдук, салмагы 40 тонналык товар колго түшкөнүн өткөн программабызда айтканбыз. Бул иш боюнча бир да бажы кызматкери ушул күнгө чейин жоопко тартыла элек.

Ал арада айрым депутаттар Бажы кызматынын 25 кызматкерине козголгон кылмыш иши жең ичинен жабылып калганын ачыкка чыгарышты.

“Азаттыктын” колуна тийген документке таянсак, былтыр 25 бажычы Москвага барып, мейманкана кызматы үчүн 4 миллионго жакын сомду мыйзамсыз короткон. Мындан улам УКМКнын тергөө башкармалыгы кызмат абалынан кыянат пайдалануу, кызматтык жасалмалуулук жана ишенип берилген мүлктү өзүнө ыйгарып алуу беренелери менен Бажы кызматынын төрагасы Азамат Сулайманов баш болгон 25 кызматкерге кылмыш иши козгогон. Көп өтпөй келтирилген чыгымдар казынага кайтарылды деген жүйө менен кылмыш иши кыскарып кеткен. Бул факт Эсептөө палатасынын аудитинде да көрсөтүлгөн.

Булак: “Азаттык”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 5 + 4 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: