Menu

Жалал-Абаддык жергиликтүү соттор 2016-жыл боюнча жыйынтыктоочу чогулуш өткөрдү

Бөлүшүү:

Кечээ, 8-февралда Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Төрайымы Айнаш Токбаеванын катышуусу менен Жалал-Абад областынын жергиликтүү сотторунун жыйынтыктоочу чогулушу өттү.

Бул иш-чарага Жалал-Абад областтык сотунун төрагасы Ш.К.Камбаров, областтык сотунун төрагасынын орун басарлары Ш.Ж.Жакыпбаев, Д.И.Исамидинов, А.С.Арзыбаев, областтык соттун судьялары, райондук, шаардык соттордун төрагалары, судьялары жана Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин директору Р.И.Ибраимов катышышты.

Жалал-Абад областтык сотунун төрагасы Ш.К.Камбаров чогулушту ачып, сотко келип түшкөн иштер боюнча статистикалык маалыматтарды айтты.

Жалал-Абад областынын жергиликтүү сотторунун иши жөнүндө билдирүүлөрү менен областтык соттун кылмыш иштери жана административдик укук бузуулар жөнүндөгү иштер боюнча, жарандык иштер боюнча, экономикалык жана административдик иштер боюнча коллегиялардын төрагалары Ш.Ж.Жакыпбаев, Д.Исамидинов жана А.Арзыбаев тааныштырышты, билдирүүсүндө жергиликтүү соттордун 2016-жылдагы ишмердүүлүгүн 2015-жылга салыштырып, статистикалык маалыматтарды чагылдырышып, сот адилеттигин ишке ашыруунун сапатынын көрсөткүчтөрү белгиленди.

Жалал-Абад областтык сотунун жетекчилиренин билдирүүлөрүнө ылайык Жалал-Абад областынын жергиликтүү сотторуна 2016-жылы 2074 кылмыш иши түшүп, областтык сотко апелляциялык жана кассациялык даттануу менен 486 кылмыш иштер келди.

2016-жылы жергиликтүү сотторго 12095 жарандык иштер түшүп, областтык сотко апелляциялык жана кассациялык даттануу менен 621 жарандык иш келип, каралды.

Ал эми экономикалык жана административдик иштер боюнча 2016-жылы 1559 иш түшүп, областтык сотко апелляциялык жана кассациялык даттануу менен 350 иш каралууга келди.

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Төрайымы А. Токбаева соттордун ишмердүүлүгү жөнүндө билдирүүлөрдү угуп, сот адилеттигин ишке ашырууда жогорку сапаттагы бирдей тажрыйбага жетишүүгө, коомдун, элдин сот тутумуна болгон ишенимин жогорулатууга, бардык судьяларга ишти бирдей бөлүштүрүү, анда убактысын, белгиленген мөөнөтүн, процессуалдык нормаларды сактоо, коррупцияга жол бербөө, судьялар менен сот кызматкерлеринин тараптар менен байланышка барбоосу, мамлекеттик алым, соттук чыгымдарды өндүрүү боюнча аткаруу баракчаларын өз убагында өткөрүп берүү жана анын аткарылышын көзөмөлдөө, жер маселеси, жашы жетпегендерге карата ишти кылдат кароо ж.б. маанилүү маселелерге токтолду.

Жалал-Абад областтык сотунун төрагасы Ш.К.Камбаров чогулушту жыйынтыктап жатып, сот адилеттүүлүгүн ишке ашырууда укуктук-ченемдик актылардын талаптарын кынтыксыз аткарууга чакырды.

Чогуштун аягында Жогорку соттун Төрайымы А. Токбаева жыл жыйынтыгы боюнча сот адилеттигин ишке ашырууда жогорку сапаттагы көрсөткүчкө жетишкен Базар-Коргон райондук сотунун судьясы М. Нармырзаевге алкыш жарыялады.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 36 + = 39

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: