Menu

HRW Түркмөнстанда президенттик шайлоонун адилеттүү өтөрүнөн күмөн саноодо

Бөлүшүү:

Эл аралык “Хюман Райтс Уотч” (HRW) укук коргоо уюму Түркмөнстандагы президенттик шайлоонун алдында жарыялаган билдирүүсүндө өлкөдө ачык жана адилеттүү шайлоо өткөрүү ыктымалдыгынан күмөн санап жатканын билдирди.

Уюмдун билдирүүсүндө сөз эркиндиги жана маалыматка жетүү мүмкүндүгү жок өлкөдө жарандардын мамлекет башчысын көз карандысыз түрдө тандоосу мүмкүн эмес экени айтылат.

«Түркмөнстанда эч качан ачык жана адилеттүү шайлоо өткөн эмес жана алдыдагы шайлоо да ошондой эле болот. Биз Түркмөнстандагы адам укуктары жаатындагы абалга кылдат байкоо салып, ошонун негизинде ушундай жыйынтыкка келдик. Адам укуктары одоно бузулуп жаткан жерде сөз эркиндиги, тынч жыйындарга чогулуу эркиндиги жок жана биз анда эркин, ачык шайлоолор да болушу мүмкүн эмес деп эсептейбиз», — деп айтылган уюмдун билдирүүсүндө.

Уюм Түркмөнстан бийлиги көз карандысыз эл аралык уюмдарды, анын ичинде «Хюман Райтс Уотчту» өлкөгө киргизбей турганын да белгиледи.

“Түркмөнстандын эл аралык өнөктөштөрү жөнөкөй адам укуктарынын сакталышын жана тез арада көптөн бери бышып жеткен реформалардын ишке ашырылышын талап кылып, өлкөнүн өкмөтүнө басым жасашы керек”, – деп белгилеген билдирүүдө уюмдун Европа жана Борбор Азия боюнча жетекчиси Хью Уиллямсон.

Түркмөнстанды 2007-жылдан бери башкарып келаткан өлкөнүн 59 жаштагы азыркы президенти Гурбангулы Бердымухамедов президенттик шайлоодо ат салышып жаткан тогуз талапкердин бири. 2016-жылдын сентябрында кабыл алынган жаңы Конституцияга ылайык, өлкөдө президент жети жылдык мөөнөткө шайланат. Расмий бийлик Түркмөнстандын тарыхында биринчи жолу 12-февралда президенттик шайлоо көп партиялуу атаандаштык шартында өтө турганын билдирүүдө.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 95 − 92 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: