Кызыл чырымдын эл аралык комитети Ооганстандагы ишмердүүлүгүн убактылуу токтотту. Күн мурун миссиянын гуманитардык кербенине куралдуу кол салуу болуп, алты кызматкери каза болгон. Алар калың жааган кардан жабыркаган өлкөнүн түндүгүндөгү жашоочуларга жардам алып баратышкан. Ооганстандын Жаузжан провинциясынын губернатору гуманитардык кербенге «Ислам мамлекети» экстремистти тобунун согушкерлери кол салган болушу мүмкүндүгүн билдирген.
Кызыл чырымдын башчысы окуяны акыркы 20 жыл ичиндеги «эң жаман кол салуу» деп атады. Учурда кайрымдуулук уюмунун 8-февраль күнү кечинде жоголгон эки жумушчусун издөө иштери уланууда.
«Биздин операцияларыбыз чынында эле убактылуу токтоду, аларды калыбына келтирээрден мурун биз эмне болгонун так аныктап алышыбыз керек», — деди комитет директору Доминик Стиллхарт. Ал Кызыл чырымдын Ооганстандагы эл аралык гуманитардык программасы чоңдугу жагынан дүйнөдө төртүнчү орунда турарын кошумчалады. Буга чейин уюм коопсуздук маселелеринин көбөйүшү өлкөдө гуманитардык жардам жеткирүүдө тобокелдиктерди жаратып жатканын эскерткен.
«Ооганстандагы гуманитардык абал абдан оор. Биз өлкөнүн бардык аймагында иш алып барган уюмдардын бирибиз жана Ооганстанда реакция кылуу чараларын көрүү үчүн болгон аракетибизди көрөбүз», — деп билдирген ал.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы“
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ