Menu

Орусиянын аба соккусунан Сирияда үч түрк аскери каза болду

Бөлүшүү:

Сирияда Орусиянын аба соккусунан үч түрк аскери мерт кетип, он бири жарадар болду. Hurriyet Daily News басылмасынын маалыматына караганда, окуя Эль-Баб шаарында кокустан болгон; орусиялык снаряддардын бири түрк жоокерлери жашаган үйлөрдүн бирине барып тийген.

Орусиянын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабы орус учагы Эль-Баб шаарынын аймагында аскердик тапшырманы аткарып жатып, кокустан түрк жоокерлери турган объектке сокку урганын ырастады. Орусия тарап сокку атайылап жасалбаганын билдирди.

Буга байланыштуу Орусиянын президенти Владимир Путин Түркия лидери Режеп Тайып Эрдоганга телефон чалып, көңүл айтты.

Кремлдин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, телефондук сүйлөшүү маалында тараптар Сириядагы “Ислам мамлекети” террордук тобуна каршы аскердик аракеттерин координациялоо боюнча да макулдашты.

 Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 47 − 42 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: