“Өнүгүү-Прогресс” партиясынын лидери Бакыт Төрөбаев президенттик жарышка катышат. Бул тууралуу ал ушу тапта Бишкекте өтүп жаткан партиялык конференцияда жер-жерлерден келген делегаттардын жана журналисттердин алдында билдирүү жасады.
– Регионалдык партиядан республикалык партияга айландык. Биз өз күчүбүз менен ушул деңгээлге жеттик. Биз өстүк. Эл бизге үмүт артып жатат, биз алардын ишеничимин акташыбыз керек. Эми биз президенттик шайлоого барабыз, – дейт Төрөбаев.
44 жаштагы Бакыт Төрөбаев Жогорку Кеңештеги “Өнүгүү-Прогресс” фракциясын да жетектейт.
Буга чейин мурдагы премьер-министр Темир Сариев президенттик шайлоого барарын жарыялаган. Өлкөдөгү ири саясий өнөктүк быйыл күзүндө өтөт.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы“
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ