Menu

Тайырбек Сарпашевдин соодасы бүттүбү?

Бөлүшүү:

2010-жылдан бери саналуу адамдар гана байлык, бийликке жеткен болсо, алардын арасында Тайырбек Сарпашев да бар. КСДПнын башына кыйын күн түшүп турганда кошулмак турсун, жакын жолобогон Тайырбек партия бийликке келгенден кийин жабыша калып, заматта таасирлүү болуп чыга келбедиби. Андай эмес, мен башынан бери КСДПнын катарында болгом, Атамбаевдин жанында жүргөнмүн десе Сарпашевде данектин ичиндеги манегинчелик уят-сыйыт калбаган болуп калбайбы. Атамбаевдин этегине намаз окуса Тайырбек мырзага азыр куп жарашат. Ким эле кызматтан кызматка секирик жасап жатыптыр. Тендердин далайын өзүнүн фирмасы менен утуп, мыйзам бузууларга чейин барганда, депутаттар кызматтан кетишин талап кылганда, эл өкүлдөрүнүн колунан аман-эсен сууруп чыгып, мурунку ордунан да майлуу жерге алып барып отургузбадыбы. Мыйзамдын үстөмдүгү орногон мамлекет болгонубузда Сарпашев ошондо эле сазайын алып калмак. Үйрөнгөн адат калбайт экен да. Каттоо кызматына жеткенден кийин да Тайырбек өз билгенин жасаганы ачыкталып, бийликти мародер кылып көрсөтүп койбодубу. Борбор калаанын престиждүү районундагы Максимге таандык болуп революуиядан кийин камакка алынган жерди мыйзамды уруп-ойнобой кол алдындагы кызматкерлерге “Мен катта дегенде каттагының” дегенсип кат жөнөтүп, башка адамга каттатып салган турбайбы. Муну Башпрокуратура айтып чыкты. Ал тургай Сарпашевди бир мүнөт да кызматта кармап турууга болбойт дегенсип, аны кызматтан алууну суранып Өкмөт башчыга кат жолдоду. Суудан кургак, тегирменден бүкүлү чыкканды мыкты үйрөнгөн Сарпашев бул жолу тутулганы калды окшойт. Бирок, анын жанында жүрүп, кылыгын мыкты билгендер Сарпашаев деген сымап, бир жагына жылмыша берет деп жүрүшөт. Жетекчиликке жагынганды Тайыр мырза жаттап бүтүптүр да. Өткөн президенттик шайлоо учурунда Сарпашев Атамбаевдин Бишкек шаары боюнча штабын жетектеген. Күнү-түнү чуркап, эл менен иштешип, жетиштүү добуш алган балдарга ар бириңерге жеке өзүмдүн атымдан 200 доллардан сыйлык берем деп жарыя кылып, эртеси куйругун түйүп, ишти жеке өзү бүтүргөн адам болуп чыга келиптир. Сарпашев тууралуу сөз түгөнбөйт.

Булак: “Жаңы ордо”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 76 − = 66

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: