Menu

Алмаз Үсөнов деген үмүттүн баарын үзмөй болду

Бөлүшүү:

Президенттин маалымат саясатын жүргүзгөн Алмаз Үсөнов деген бар. Ошол бала президенттин дарегине айтылган сындарга жооп берем деп жатып президентти да оңтойсуз абалга калтырчу болду. Текебаевдин айткандарына президент үн катпастан, туура саясат жүргүзүп жатса, Үсөнов бурчтан чыга калгансып, ар нерсенин башын бир айтып элге жеке өзүн жек көрсөткөнү аз келгенсип, президенттин дарамети ушулбу деген пикирди жаратып жатат. Президенттин маалымат саясатын кандай жүргүзүү керек экенин башка президенттердин маалымат катчыларынын жасаган иштерин анализдеп чыгып үлгү алып албайбы. Жок дегенде Путиндин маалымат катчысы Песковдун сүйлөгөн сөзүн, берген маалыматтарын карап олтурса сабак болмок да. Атамбаевдин ордуна сөз сүйлөгөндөн көрө президенттин алгылыктуу иштерин элге жеткиликтүү кылыш үчүн анализ жүргүзүп, аналитика бергенди үйрөнбөйбү. Жыл башынан бери Атамбаев чет жакка тынбай каттап жатат. Ошол жакта кандай келишимдерге кол коюлганы, кандай сүйлөшүүлөр жүргөнү тууралуу маалыматты калың калкка жеткирүүнү ойлонбойбу. Ал жөнүндө Үсөновдо ой жок сыяктуу сезилет. Эгер Үсөновдун ордунда маалымат чөйрөсүндө такшалган адам болгондо бүгүнкү маалымат саясаты башка нук менен жүрмөк. Үсөновдун маалымат менен иштей албагандыгы, элге өз учурунда маалымат так жетпегени, элдин президентке болгон үмүтүн үзмөй болду.

Булак: “Жаңы ордо”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 35 + = 38

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: