Menu

Руслан Казакбаев, ЖК депутаты, “РАЖ” фракциясы: “Бабанов президенттик шайлоого чыгат, аягына чейин күрөшөт”

Бөлүшүү:

Экс-тышкы иштер министри Руслан мырза кыргыз тилин айрым кесиптеш дипломаттар сымал “чулдурабай”,  таза сүйлөгөндүгү менен айырмаланат. Дасыккан дипломат менен бул сапар партиялашы Өмүрбек Бабановдун хан тактыга аттанаар алдындагы жүрүштөрү, тышкы саясый күчтөрдүн аламанга карай кийлигишүүсү, ички интрига, шайлоонун шайтан оюндары сымал маанилүү маселелердин тегерегинде баарлаштык. Каарманым адатынча дипломаттык сыпайы жүрүш астында жооп узата отурду. Абай салып көрүңүз.

— Руслан мырза, күздө өтүүчү президенттик шайлоого карай аламанга ат салышчу талапкерлер жараянга катышарын жар сала башташты. “Ажолукка аттанчу өлкөбүздөгү талапкерлердин негизги фаворити болот” делген досуңуз Өмүрбек Бабановдун бул жаатта ачыкка чыкпай жатканынын себеби эмнеде? Анча эмне демиңерди ичиңерге катып, кечеңдеп жатасыздар?

— Биздин “Республика – Ата Журт” партиясынан президенттикке аттанчу талапкерибиз Өмүрбек Бабановдун “шайлоого карай ат салышуу ниети ачыкталбай, кечеңдеп жатат” деген сиздин жүйөөңүзгө анчейин кошула албайм. Мындан үч апта мурун биздин фракциядагы 28 депутатыбыз расмий эмес жолугуп, ал жерден биздин фракциянын депутаттары бир добуштан Өмүрбек Бабановду президенттикке талапкерлигин көрсөтүүнү колдоп чыктык. Ошол күндөн тарта өзүбүздүн командабыз менен даярдыктарды баштадык. Ар бир команданын, ар бир партия, штабдардын өздөрүнө таандык ички сырлары болот эмеспи. Азырынча биздин ички сырларды көп айтпай турайын, кыскасы, Өмүрбек Бабанов өзүнүн фракциясынан, артындагы командасынан “бата алып”, алдыдагы ажолук жарышка карай камылгасын баштады. Мындай маалыматты расмий эмес болсо дагы ачык айтып коёюн. Ар бир партиянын эң жогорку органы съезд болуп саналат эмеспи. Өлкөбүздүн баардык аймактарынан делегаттарыбыз чакырылып, партиябыздын съезди жогорку масштапта өткөрүлгөн соң, алар менен биргеликте кеңешип-чечип, президенттикке аттанчу талапкерибизди расмий ачык жарыялайбыз.

— А бирок, Өмүрбек Бабанов ажолукка аттануу боюнча партиясынын съездин жакында өткөрбөй, качан гана КСДП өз талапкерлигин ачыкка чыгарган соң, бийлик партиясынын мураскерине жараша чечим кабыл алары күтүлүп жаткан жокпу? КСДПдан аттанчу талапкерди карап, ыңгайлуу убакытты күтүп жаткан жоксуңарбы?

— Андай деле эмес. Менимче, азыр ажолукка аттана турчу бардык эле талапкерлер чын ниети менен өздөрүнүн ресурстарын бардык жактан таразалап, командасынын арасында өздөрүнүн чечимдерин чыгарып, аттангандардын баары эле съезддерин өткөрүшкөн жок. Азырынча съезд өткөрүүгө даярдыктар гана жүрүп жатат. Башкалар сыяктуу биз деле съезд өткөрүүгө камылгабызды көрө баштадык. Ал партиялык жыйында жалгыз гана президенттикке талапкерибизди көрсөтүү эмес, партиябыздын ички уставына өзгөртүү киргизүү, саясый кеңештин мүчөлөрүн кайрадан тактоо сындуу бир катар ички эрежелерибизди тактамакчыбыз. КСДП шайлоого кайсы талапкерин көрсөтөрүн же съездин качан өткөрөрүнө биз сиз айтмакчы, өзгөчө деле кызыккан жерибиз жок. Эң негизгиси шайлоодо президентибиз Алмазбек Шаршенович айтмакчы, бардыгына бирдей шарт түзүлгөндүгүндө болуп турат. Алдыдагы президенттик шайлоонун ачык, таза жана адилеттүү өтүшү Кыргызстандын тарыхында чоң саясый окуя катары каларына үмүттөнмөкчүмүн.

— Бизде президенттикке аттанып жаткан талапкерлер расмий Москва бийлигинен “бата алмайын” жеңишке жетпеси турган иш. Бул жөнүндө ашыкча ойлонуп деле кереги жок. Кокус эртең Кремль төбөлдөрүнүн “батасы” Өмүрбек Бабановго эмес, Сооронбай Жээнбеков же Темир Сариевге багыттала турган болсо, лидериңер ажолук амбициясынан кайтпайбы? Россия башка талапкерди колдоп жатса, ким эле миллиондорун чачып, тобокелдикке баргысы келсин? Келиңиз, ушул суроомо дипломаттык бет пардаңызды сыйрып салып эле сыпааланбай, ачык жооп узатпайсызбы?

— Абдан туура суроо! Мындай көрүнүштү мен жеке эле Россия менен байланыштырбайт элем. Маселен, жалпы коңшулаш дос жана бир тууган өлкөлөрдүн кандайдыр бир деңгээлде шайлоодо таасирлери тийиши мүмкүн деп ойлойм. Ошол эле стратегиялык өнөктөшүбүз болгон расмий Россия бийлигинин ачыктан-ачык бир талапкерди сүрөөнгө алаарынан күмөнүм бар. Анткени, азыр бизден чыгып жаткан талапкерлердин баардыгынын Россия менен стратегиялык, тарыхый, маданий алака-катышыбыз бар экендигин, мындай мамилени келечекте өркүндөтүү керектигин жакшы түшүнүшөт деп ойлойм. Андыктан, дагы айтам, алдыдагы президенттик шайлоодо талапкерлердин кимиси болбосун, аны Россия бийлиги ачыктан-ачык колдоого аларынан күмөнүм бар. Азыр ажолук амбициясы ойгонгон бардык талапкерлер ички-тышкы күчтөрүн, эл аралап да, карапайым көпчүлүк менен сүйлөшүшүп да өздөрүнүн деңгээл-дараметтерин, алдыдагы мүмкүнчүлүктөрүн таразалап жаткан убактары. Президенттикке койчу талапкерлердин бардыгы өздөрүнүн командаларын, каржылык мүмкүнчүлүктөрүн, элдин колдоосун, анан да тышкы факторлордон колдоо алышын таразалап көрүшөт. Дарамети чектелүүлөрү саясый сүйлөшүү, “соодалашууларга” бара башташат. Башта сиз айткандай “ушунча каражатты коротуп шайлоого катышыштын зарылчылыгы барбы?” деген өңдүү суроолорго жооп издей башташат. Соңунда биригүүлөр башталат.

— Турмушта, айрыкча кыргыз саясатында күтүлбөгөн кырдаалдар болуп кетиши мүмкүн да. Расмий Кремлдеги таасирдүү фигуралар КСДПдан чыккан талапкер болобу же Темир Сариев баштаган Россиячыл талапкерлерди сүрөөнгө алып, өлкөбүздөгү экинин бири болгон негизги персона Өмүрбек Бабановду чакырып, сөзгө келтирип, алар колдоого алчу болочоктогу президентке шайлоодо жардам берүүсүн өтүнсө, андай сунушка Өмүрбек Токтогулович толугу менен макул болот да, туурабы?

— Мындай логикаң да бир эсе туура. Саясат бул консенсус. Ошол консенсус мамлекеттин, элдин кызыкчылыгы үчүн болушу кажет. Биздин партиянын, андагы команданын ичинде да ушул өңдүү суроолор жаралып, партлидердин өзүнө берилип жатат. Азырынча биздин команданын көпчүлүк сунушу менен Өмүрбек Бабановдун президенттикке аттануусу колдоого алынууда. Өзүңөр билесиңер, биздин “Республика – Ата Журт” партиясы азыркы күндө өлкөбүздөгү эң чоң партиялардын бири болуп эсептелет. Мактанчылык эмес, өлкөбүздөгү эң чоң саясый күчтөрдүн бири биздин партия экенин да эч ким тана албайт. Кыргызстандагы бардык айыл-кыштактарда, район-шаарларда күчтүү командаларыбыз бар. Элдин, мезгилдин сыноосунан өткөн ишибиз бар дегендей. Ушундай чоң саясый күч болгон командабыз кантип анан бир талапкер чыгарбай койсун? Партлидер Өмүрбек Бабанов мырза президенттик шайлоодо талапкер катары аягына чейин ат салышат. Бул маселе буюрса бышып жетилди.

— Эки жыл катары менен өткөн парламенттик жана жергиликтүү кеңештерге болгон шайлоодо “Республика – Ата Журт” партиясы официалдуу жыйынтыкта өлкө аймагы боюнча 2-орунду камсыз кылдыңар. А коомчулук иш жүзүндө силердин партияны 1-орунга чыгып, жеңишти камсыз кылганыңарды айтып келишет. Мамкаттоо кызматы менен Боршайком мамлекеттик машинанын күчү менен силерди таарынтпагыдай 2-орунга жылдырып койгону жалганбы? Эртеңки президенттик шайлоодо да ушул ыкма кайталанып, КСДП көрсөткөн талапкер алдыга “сыйкырдуу жолдор” менен чыгарылып, силердин талапкер Өмүрбек Бабановду сыпайы түрдө “жондон сылап”, 2-катарга чыгарып койсо кандай кыласыңар? Добушуңарды уурдатпаганга духуңар жетеби?

— Кыргызстан боюнча 386 айылда акыркы шайлоодо “Республика – Ата Журт” партиясы партиялык тизме менен өлкө аймагында биринчи тажрыйбаны көрсөттүк. Депутаттардын саны менен алганда да Кыргызстан боюнча биздин партия азыр 1-орунда турабыз. 22 шаар, 386 айыл-кыштактардан 1250гө жакын депутаттарды чыгардык. Өлкөбүздөгү шаарлар боюнча алганда КСДП партиясынан кийинки эле орундабыз. Кыргызстандын жалпы аймагы боюнча депутаттардын көптүгүнөн биздин партия ат чабым алдыда баратабыз. Бул тууралуу бардык маалыматтар Борбордук шайлоо комиссиясынын атайын сайтында да илинип турат. Анан калса бийликчил КСДП айыл-кыштактарда партиялык тизме менен шайлоого барышпады. Андыктан, алдыдагы партия экенибизди карапайым калк билет. Шайлоонун шайтан оюндарын да биз азыртадан терең анализдеп жатабыз. Парламент трибунасынан, ага удаа фракциянын ички жыйынынан да бул боюнча көйгөйлүү маселелерди көтөрүп, шайлоону жакшыртууга бар аракеттерибизди көрүүдөбүз. Сунуштарыбызды байма-бай берип дагы жатабыз. Кечээги эле жергиликтүү кеңештерге болгон шайлоодо көптөгөн кемчиликтердин болгонун кайда катабыз? Кезеги келгенде мындай иштерден кеп кылабыз. Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчиси азырынча сыпааланып, кутулуп кетүүдө. А бирок, келечекте бул иштердин жоопкерчилиги катуу болот деп ойлойм. Эгер сиз атагандай кызыкдар күчтөр адатынча буга чейинки ыкмаларды колдонуп, биздин талапкерге карата бут тосууну улантса мыйзамдын жолу менен добуштарыбызды уурдатпай, колдон келишинче коргойбуз. Мыйзам чегинде суроо-талабыбызды жолдоп, добуштарыбызды коргоп калганга күчүбүз да, саясый эркибиз да жетет деп ойлойм. Мамлекеттик каттоо кызматы шайлоодо адаттагыдай “фокус-мокус” өңдүү көз боёмочулугун кыла турган болсо, ага карата да сөзсүз жообубуз болот.

Калыгул Бейшекеев

Булак: “Азия ньюс”

                   

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 4 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: