–Кечээ орустардын интернет сайты «президент Алмазбек Атамбаев ден-соолугуна байланыштуу кызматын таштап кете турганын билдирди» деген маалымат таратты. Биздин Ак үй андай маалыматты төгүндөп, президент эч кандай маалымат билдирбегенин, кызматтан кетпей турганын кабарлады. Эки маалыматтын кайсынысына ишенсек болот?
— Алмазбек Атамбаев өзүнүн мөөнөтүн бир мүнөт эрте аяктамак турсун, бийликти бир дагы кишиге таштап кетүүнү ыраа көрбөйт. Ошондуктан эрте шайлоо өтөт деген бул жөн эле ушак. Атамбаев башынан эле оорукчан болумуш боло берет. Эми чын эле ооруганы деле бар, жанагы радикулит сыяктуу жактары. Бирок көбүнчөсү жалкоочулуктун эле оорусу. Элдерди ошону менен сынайт. Саясаттан кетем деп тээтиги 2006-жылдан бери эле какшап жүрөт. Анан элден да башка жылуу сөз укпай турганын билип, боорукер кыргыздын боорун оорутуп, жүрөгүм кармады деп былтыр күзүндө араң өлгөндөн сактады дегенин да байкадык. Ошону уюштура коём деп ал керек болсо Нью-Йорктогу БУУнун ассамблеясына барган жок. Бир жагынан бул эл аяса деп өлүмүш боло берет. Бирок дагы бир тактикасы, баардык партнёр-оппоненттерин да кетимиш болуп сындап алат.
Булак: “Жаңы ордо”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ