Menu

Нариман Түлеев: “Данияр Нарымбаев эл катары жаза өтөөчү жерге түшкөндө ажаткана жуумак”

Бөлүшүү:

Экс-депутат, Бишкек шаарынын мурунку мэри Нариман Түлеевге мындан 5 жыл мурун иш козголгон. Мэр болуп турганда Кытайдан алынып келген автобустарды кымбат баада алып, мамлекетке ири суммадагы зыян келтирген деген айып тагылган. Нариман мырза автобустарды алып келүүдө эч кандай мыйзам бузулбаганын, ал автобустар арзан баада келгенин, күнөөсүз эле күнөөлүү болуп камалганын бүгүнкү күнгө чейин баса белгилеп айтып келет. Бирок ага карабай Түлеев соттолуп, жаза мөөнөтүн өтөп, былтыр эркиндикке чыккан. Абактан чыккандан кийин ММК өкүлдөрүнө кеңири маек берген. Андан бери эл көзүнөн оолак кеткен каарманыбыз биз менен кеңири маектешти…

-Нариман Ташболотович, Жаңы жылыңыз менен! Жаңы жылды каякта тостуңуз? Дегеним, биздин коомдо колунда барлар чет өлкөдө жаңы жыл тосууну салт катары баалап калышпадыбы…

-Рахмат. Жаңы жыл кыргыз эли үчүн ийгиликтерди алып келген жакшы жылдардан болсун! Табиятымдан эле көргөн нерсемди көргөн жокмун, барган жериме барган жокмун деп айткан адам эмесмин. Мен абакта жаткан 4 жыл ичинде үй-бүлөм эмне деген азапты баштарынан өткөргөн жок?! Менин ден соолугума кабатырланышты, коопсуздугума сарсанаа болушту, мен үчүн санаа тартып убайым жешти, абактан чыгышымды чыдамсыздык менен күтүштү дегендей. Ал эми сот, прокуратура дегендердин сурагын, психикалык жактан сокку урган кыйноосун айпай эле коеюун. Жашырганда эмне, эс алдырып коеюун деп үй-бүлөм менен Дубайда эки жума эс алып келдим. Күн санап технология өнүп-өсүп жатпайбы, мен дагы эл катары Инстаграмдан баракча ачып койгом, кайда жүрөсөм дагы ошол жерге сүрөттөрүмдү жүктөп коем. Ал жерден Түлеевдин эмне кылып жүргөнүн көрүп турсаңар болот.

-Учурда эмне менен алексиз?

 –Үйдөгү жумуштар менен алекмин. Менин санаамды тартып, мен үчүн катуу ойлонуп атып апам оорукчан болуп калды. Азыркы менин биринчи максатым — апамдын ден соолугун чыңдап, бутуна тургузуу. Аны менен катар балдардын иштерине жардам берип жатам.

-“Быйыл күздө боло турган президенттик шайлоодо Нариман Түлеев Ахматбек Келдибековду колдойт экен” деген кеп чыкты. Тегин жерден сөз чыкпайт эмеспи…

Биринчиден, президенттик шайлоодо бирөөнү колдоо боюнча эч бир жерде сөз болгон эмес. Ахмат (ред. Келдибеков) экөөбүз мурдатан доспуз. Экинчиден, алдыдагы президенттик шайлоо боюнча сөз кылуу азырынча эртелик кылат. Алдын-ала бир нерсени айтып болбойт. Баарын убакыт көргөзөт.

-Келдибеков болбосо деле, башка бир талапкерди президенттикке сүрөйүн деген оюңуз барбы?

Кыргызстанда 6 миллион калк болсо, анын тең жарымында президент болсом деген кыял бар. Эки адамдын биринин президент болгусу келет, айла жок эле жүрөт дегендей (күлүп). Бул чындык. Ал эми кимдир бирөөнү колдоо боюнча айтсам, азырынча менде андай ой жок. Балким колдойм, балким колдобойм, бул тууралуу жакындаганда бир пикир айтпасам, азыр эртелик кылат го…

-“Нариман Түлеев саясаттан четтеп, мындан ары бизнес менен алектенет экен” деген сөз тарады. Чын эле саясаттан көңүлүңүз калдыбы?

Аны ким айтты? Кээ бирөө ойлогон оюн эле ушак кылып көбүртүп-жабыртып жиберишет экен. Тим эле мени менен бир төшөктө жаткандай айтышат да, таң калам. Мындай сөз болгон эмес. Ооба, жарым жыл мурун убактылуу саясаттан алыстайм деп айткам. Бүгүнкү күндө деле мен саясатта жокмун. Башында айтып өткөндөй, жеке иштер менен алек болуп, ден соолугумду чыңдап, апамды дарылатып жүрөм. Майда-чүйдө иштеримди бүтүрүп алсам, анан саясат боюнча ойлонсок болот.

-Демек бизнес менен алексиз?

-Ошол эле учурда бизнес менен да алек эмесмин. Ара-чолодо балдарга жардам берип жатам.

-Кыйын күндөрдү баштан кечирген кезде кимдин ким экени билинет эмеспи. Сиз абакта жатканда жакшы мамиледе жүргөн көп адамдар алыстап кеткенин эшиттик эле, достукту сатпагандар да болдубу?

-Кыргызда төгүн жерден кеп чыкпайт да. Тээ илгертен бери эле “жакын адамдын  чыныгы жүзү жакшылык менен жамандыкта билинет” деген сөз бар эмеспи. Мен абакта олтурган учурда кимдин ким экени билинди, көп адамдардын бети ачылды. Бир чети мага дагы жеңил болуп калды. Мындай иш болбогондо айрым адамдар дагы деле жанымда жүрмөк экен. Аны менен катар кыйын кырдаалда достуктун шертин туу тутуп турган деле болбой койгон жок. Жалпылап айтканда, сатып кеткендерден сатпагандар көп болду.

-Жалпылап сурайын, сиз жашоого кандай көз караш менен караган адамсыз?

-Жашоого оптимисттик көз караш менен караган адамдардын катарын толуктайм.

-Сизди кекчил адам дешет, кек кууп, өч алуу деген сапаттар барбы сизде?

-Сурооңуздун төркүнүн түшүндүм. Кээде таң калам да, ушундай сөздөрдү ким чыгарат деп… Мен абактан чыкканда эле “баарын кечирдим” дегем. “Бул да болсо Кудайдын сыноосу, буюрса баары артта калды, мен эч кимге кек сактабайм, эч кимге дооматым жок, баарын кечирдим”, – деген сөзүмдү айткам. Мен кечирдим. Бирок… Бул жерде “бирок” деген нерсе бар, муну баса белгилеп айтып коюшубуз керек. Бирок мен кечирген менен менден бийик мыйзам деген бар да. Мыйзам алдында баарыбыз бирдей болушубуз милдеттүү. Андыктан мен кечирген нерселерди мыйзам кечирбеши керек. Кудай буюрса, учуру келгенде колунда бир барак далили жок туруп мага иш козгоп, чыркыраган чындыкты тебелеп мени соттогондор мыйзам алдында жазасын алат. Сот процесси жүрүп жатканда айыптоочуларга: “Кайсы кагаздын негизинде соттоп жатасыңар, мага бир барак далилди көргөзүп койгулачы, ошол чыгымды дагы төлөп берейин, жазасын дагы өтөп берейин”, – деп бир канча жолу айттым го. Жөө жомокту токуп туруп соттошту го, далилдүү бир барак кагазды көргөзө алган жок да. А мен автобустар алынып келген Кытайдан далилдүү кагаздардын баарын алдырып келсем, аны бирөө да маани берип карап койгон жок. Чындыкты уруп ойнобой бирөөлөрдүн “заказын” аткарган соттор, прокурорлор мыйзам чегинде жооп бериши керек. Мына ушундай адамдар мыйзам алдында жазаларын албаса, булар эртең менден башка бирөөнүн укугун тебелеп, бир байкушту соттоп, кордошот.

-Абакка кесилип жатканда акыркы сөзүңүздү эмоционалдуу кептер менен толуктадыңыз эле. Бүгүнкү күндө деле ошол көз караштасызбы же ал оюңуздан кайттыңызбы?

-Ал жерде эмне деген гана сөздөр айтылган жок. Мен эч качан эки сүйлөбөйм, айткан сөзүмдөн тайбайм.

-Сизди чоң саясаттын казанында кайнап, такшалган саясатчы катары эсептейм. Өзүңүз жеке партияңызды түптөп саясий күрөшкө аралашуу ниетиңиз барбы? Баадык мүмкүнчүлүгүңүз бар дегендей…

-Башында айтып өткөндөй, мен бүгүнкү күндө саясатта жокмун. Жеке иштер мененмин, мына азыр сотто 20-30дай ишибиз бар. Бул иштерди бүтүрүп орду-ордуна коюшум керек. Бир туугандарымды, үй-бүлөмдү сот менен прокурорлор 4 жылдан бери кыйнап, эмне деген азапты көргөзүшкөн жок. Психикалык жактан, моралдык жактан катуу сокку кылышты, ден соолуктары жабыркады дегендей. Аларга азыр менин колдоом керек, баарын орду-ордуна коюу негизги максатым. Партия түптөгөндөн кийин аны элге алып чыгуу, элге таанытуу, партиянын иштери менен иштөө абдан көп убакытты талап кылат. Менде азыр убакыт тартыш. Иштеримди бүтүрүп алсам, анан калганын мезгил көргөзөт.

-Болбосо кайсы бир партияга мүчө болушуңуз мүмкүнбү? Сыр болбосо, кайсы партияга мүчө болосуз?

-Азырынча эч нерсе айталбайм. Быйыл же кийинки жылы мындай кылам дегенден да алысмын. Баары алдыда, 2018-жылга чейин турмуш өзгөрүлөт. Али жашпыз, биздин да иштей турган учурубуз келет.

-Өкүнүчүңүз барбы?

-Өткөн өттү, кеткен кетти. Эмнеге өкүнмөк элем, турмушта баары болот. Башка түшкөн кыйынчылыкты сабырдуулук менен көтөргөнгө аракет кылдым. Бир гана өкүнгөнүм, атамды эрте жоготуп алдым. Мен үчүн көп ойлонду, санаа тартты, ден соолугунан жабыркады, аягында жүрөгү көтөрө албай калды. Ойлоп көрсөңүздөр, 4 жылдын ичинде атама 93 жолу чакыруу (повестка) беришиптир, менде баары сакталуу. Бул эмне деген шумдук?! Чакырат, атам барат. Олуттуу деле эч нерсе айтпайт, ары сурайт, бери сурайт. Кечке эзет, кечинде кое берет. Жашы өйдөлөп калган карыя кишинин эки күндүн биринде суракта жүргөнүн элестетсеңиз. Бардык жактан кысым, бардык жактан сокку кылышып эрте өтүп кетишине ошол Аида Салянова, Жаныбек Салиев баш болгон прокурор, соттор себепкер болушту. Муну ачык эле айтам. Кайра-кайра чакырганынын себебин кийинчээрек билдик, көрсө булардын баары акча сурай албай кыйналып атышкан экен. Кийин атамдан “бул мүлкүңдү сактап калам десең, 3 миллион доллар бер, балаңды көрөм десең, 300 миң доллар бер” деп ачык эле акча сураганга өтүштү. Мага келип алышып “атаңды көрөм десең 500 миң доллар бер” дегенге чейин барышты. Бир да жолу атам менен жолуга албадым. Мына ушундай ыпылас иштерди уюштургандардын башында турган турган адам уялбай Жогорку Кеңеште мыйзам жазымыш этип олтурат.

-Абактан чыкканда ММК өкүлдөрүн чогултуп маалымат жыйын өткөрдүңүз эле. Сөз арасында абакта “авторитет” болуп олтурганыңызды айткан элеңиз. Бүгүн ошол жердеги досторуңуз менен ал-ахыбал сурашып, байланышып турасызбы?

-“Авторитет” дегенде кандай десем?! Журналисттер кичине сөздү бурмалап маанисин башка кылып салат турбайсыңарбы (күлүп). Мисалы, Феликс Кулов дагы абакта жаткан, бирок “кызылдардын” (красныйлардын) арасында. Андан тышкары, Акаевдин тушунда бир топ чиновниктер дагы абакта болгон. Алардын баары жабык жерде, башкача айтканда, “закрывашкада” болушту. Мына Данияр Нарынбаев дагы “закрывашкада” жаза мөөнөтүн өтөдү. Жазылбаган мыйзамына ылайык, “закрывашкада” олтурган адамдарды “ГАД” деп коюшат. Мындай адамдар менен саламдашканга да болбойт. Бир сөз менен айтканда тамак-аш ташып, пол жууп, дагы бир нерсесин кылып эптеп күн өткөргөндөрдүн катарына кирет. Эгер Нарымбаев мендей болуп эл катары жаза өтөөчү жерге түшкөндө ажаткана жуумак. Мен абакта эл менен эл болуп олтурган биринчи саясатчы болдум. Мен элге жардам берип жаттым. Анан ошол кезде Аида Салянова популисттик кадамы менен кыйкырып чыкты го, “Келдибеков менен Түлеев абакта жатып алып айлык алып атышат” деп. Ал кезде Кудайын тааныбай турган Салянова демилгелеп, “кылмыш иши козголгон депутаттардын айлыгы токтотулуш керек” деген мыйзамды жазып өткөрүшкөн. Бүгүн өз башына муш болуп, кылмыш иш козголуп айлыгы токтоду. Ошол мен абакта олтургандагы алган айлыгым Саляновага көп көрүнгөн болсо, мен айына 200-300 миң сом сарптап абактагыларга колумдан келген жардамымды берип жаттым. Муну ошол жерде азыр да олтургандардан сурасаңар, тастыктап берет. Мен олтурган №47 абакка спорт аянтчасын жасап, футбол талаасын заманбап талапка ылайыктап курдуруп бердим. Керек болсо Бишкекте андай жогорку сапаттагы заманбап футбол аянтчасы жок. Балдар жөн жатпай спорт менен алектенип, ичимдик менен чылымдан оолактаганга мүмкүнчүлүк жаралды. Спорттук мелдештерди уюштуруп, байгесин коюп берип жаттым. Кыш келетканда кышкы, жаз келгенде жайкы кийим-кече менен камсыз кылып турдум. №47 абактагы адамдар менен жакындары жолугушуучу жерди заманбап кылып жасатып, бүт евроремонт кылып, ичиндеги керебет, үстөл, телевизор, муздаткыч дегендеринин баарын жаңы алып бердим. Ал жер кароосуз калып, ремонту жок, көргөн адамдын зээни кейий турган абалда эле. Бүгүн ал жердеги бөлмөлөрдүн баары люкс. Мына ушундай эмгектеримди сыйлап ал жердегилердин баары “байке”, “аба” деп сыйлап, ар бир маселени мени менен кеңешип турушту. Мына мен ушуну айттым, “авторитет” болдум деп.

-Мыйзамсыз кылган иши боюнча Аида Саляновага кылмыш иши козголду. Кандай кабыл алдыңыз?

 –Кудайга тообо дешибиз керек. Кыргызда “Бирөөгө ор казсаң тайыз каз, өзүң түшүп калышың мүмкүн” деген сөздү ушул жерден айтсак жарашчудай болуп турат. Мына, мага жамандык кылган Аида Салянова, Данияр Нарынбаев жана башкалар өз жазаларын алып атышат. Кезинде атам мунун баары жазасын алат деп ишеничтүү айткан эле. Баары өз жазасын алышат, дагы көргөндөн көрө элегибиз, уккандан уга элегибиз бар. Эң башкысы, мен бирөөгө жамандык жасаган жокмун. Мен кекчил эмесмин, кектен кечтим, бирок атамды жоготуп алдым. Кудай бар, Кудай калыс, таба эмес, тообо дейт элем.

-“Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаевге байланышкан ызы-чуулуу иштер боюнча кабарыңыз болсо керек. Бул боюнча жаран катары кандай пикир айтат элеңиз?

-Текебаев болобу, башкасы болобу, кимисине байланышкан иш болсо дагы кызыккан жокмун. Демек андай же мындай деген пикир айтуудан алысмын. Башкача айтканда, “Сентябрь” телеканалын да көргөн жокмун, КТРКсын дагы көргөн жокмун (каткырып). Өз иштерим менен гана алекмин.

Булак: Де-Факто

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 69 + = 73

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: