Menu

КР Генпрокуратурасы КР Мамкаттоо кызматынын төрагасы Тайырбек Сарпашевге кылмыш ишин козгоду

Бөлүшүү:

Бүгүн, 10-февралда КР Генералдык прокуратурасы Максим Бакиевге тиешелүү деп эсептелген кыймылсыз мүлктөрдүн мыйзамсыз сатылып кетишине жол ачкандыгы үчүн КР Мамлекеттик каттоо кызматынын кызматкерлерине  кылмыш ишин козгогондугу белгилүү болду.

Кылмыш иши КР Кылмыш-жаза кодексинин  304 -кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу, 315 -кызматтык будамайлоо, 326-далилдерди бурмалоо жана 350-жасалма документ чыгаруу беренелери менен ачылган.

Бир күн мурда, 9-февралда КР Генпрокуратурасы КР Мамкаттоо кызматынын төрагасы Тайырбек Сарпашевди Максим Бакиевге тиешелүү деп эсептелген кыймылсыз мүлктөрдүн мыйзамсыз сатылып кетишине жол ачкандыгы үчүн кызматтан кетирүүнү сунуштап КР премьер-министри Сооронбай Жээнбековго кат жолдогон.

Ал катта Тайырбек Сарпашев Бишкектин Скрябин көчөсүнүн N 45-45А дарегиндеги Максим Бакиевдин жакындарынын бири Уляна Пакка катталган жер участогун камоодо турганын прокуратура эскерткенине карабай сатууга жол ачкандыгы айтылган.

Булак:  Кyrgyztoday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 55 = 58

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: