Menu

Кенжекан Сатыбалдиева, Апрель Баатыры: “Биз карапайым эл Атамбаевге бийликти алып берген марионетка эле болуп калдык”

Бөлүшүү:

“Мен 2010-жылдагы революциянын активдүү катышуучусумун. Ошол убакта Алмаз Атамбаев биз менен жүргөндө кандай таттуу, кандай жакшы сөздөрдү айтчу эле… Аягында мына өзү менен кошо жүргөн кишилердин баарын артка түртүп коюп, жалгыз өзү революция жасаган болуп чыга келди да””, – деп билдирди Апрель Баатыры Кенжекан Сатыбалдиева Сөз эркиндиги комитетинин өткөн жумада Нарында өткөргөн жыйынында чыгып сүйлөп.

“Керек болсо Атамбаев Нарынга келип да “Мен силерди баатыр деп эсептебейм. Силер баатыр эмессиңер! Мен баатыр деп тиги Кошойду, Манасты айтам баатыр деп” деген, бизди басынткан сөздөрдү айткандан кийин биз эми баатыр эмеспиз, жөн эле жүргөн, бийликти аларга алып берген марионетка болуп калдык да! Бийликти карапайым эл алып берет экен, жогору жактагылар пайдаланат экен. Кийин “биз ушул силердин артыңардан бийликке келдик эле, акыбалыңар кандай болуп жатат?” деп көз кырын да салып койбойт экен. Ошол 2010-жылы бийликке келгендердин бирөөсү азыр акыбалыбызды сурап койгонго жараган жок. Бүгүнкүлөр ошол Бакиев кетирген кемчиликтерди 5 эсе көп кайталап жатышат. Ал сабак болбоптур. Ар ким өзү бийликке келгенден кийин өзүнүн эле кызыкчылыгын, тегерегиндегилердин эле кызыкчылыгын ойлойт экен. Мурун Бакиев бала-бакырасы менен башкарса бүгүн Атамбаев тегерегиндеги революционерлерди, алтындай болгон кишилерди, алтындай болгон эжекелерди сыртка түртүп туруп, жалгыз өзүнүн мурда Бакиев менен чоогу иштешип жүргөн адамдарынын баарын бийликке алып келип койгондугунун кесепетинен биз бүгункүдөй абалга дуушар болуп жатабыз. Биз карапайым эл ишенбей калдык, кимге ишенерибизди билбейбиз. Ишенип алып келген эки бийлик тең өзүлөрүнүн жүзүн көрсөттү. Аларга карапайым эл керек эмес экен, аларга бийлик керек экен. “Карапайм эл өз жанын бакса өзү багып жата берсин, багалбаса талаада кала берсин” дегенге жеткирди. Азыр мына мамлекет элди баккан жок, эл мамлекетти багып жатат. Биздин ишенээр таянычыбыз калган жок. Эми дагы чыга турган болсок элди карай турган таза кишини бийликке алып келбесек, баягы эле жан-жөкөрлөр баары бир элге кызмат кылбайт экен. Бизде биримдиктин жоктугу, ынтымактын жоктугу ушуга алып келип жатат. Мына, Талгарбековду бийликке каршы сүйлөдү деп эле камап салып, канчадан бери абакта жатат? Ошол эле учурда жеп ичкендерди эмнеге камабайт? Бийлик жеп ичкендерди кустуруп, камап, гезиттерге чыгаргандын ордуна Сөз эркиндигин кысып, сын айткандарды жамандап, камап мына ушул абалга жетип жатабыз. КТРК бийликтин каршылаштарын күн сайын эмне деген гана жаман сөздөр менен жамандап жатат, эмнеге КТРК экинчи тараптын сөзүн айттырбайт? Мына, Нарында туруп бизге көмүр чоң проблема болуп калды. Жадагалса жаракат алгандарга бөлүнгөн көмүр бир айдан бери элге жетпейт. Губернатор күндө “эртең келет” дегенинен бери бир ай өттү, алигиче дайынсыз”, – деди Апрель Баатыры Кенжекан Сатыбалдиева.

Булак: Кyrgyztoday.org

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 8 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: