Menu

Түркмөнстанда президенттик шайлоо өттү

Бөлүшүү:

Түркмөнстанда кечээ өткөн президенттик шайлоодо 97,27% шайлоочу добуш берди. Бул тууралуу өлкөнүн Борбордук шайлоо комиссиясы кабарлады. Мамлекет башчылыгына азыркы президент Гурбангулы Бердымухамедовду кошкондо тогуз киши талапкерлигин койгон.

Анткен менен «Азаттыктын» түркмөн кызматы жекшембиде шайлоо тилкелеринде адамдардын анчалык активдүүлүгү байкалбаганын билдирүүдө. Добуш берүүнүн болжолдуу жыйынтыктары бүгүн белгилүү болот.

Бердымухамедов алгачкы жолу 2007-жылы президенттикке шайланган. Расмий маалыматтар боюнча 2012-жылдагы шайлоодо аны колдоп шайлоочулардын 97 пайызы добуш берген. Анда өлкө БШКсы шайлоого калктын дээрлик 100% катышканын билдирген.

2016-жылдын сентябрында Түркмөнстандын Конституциясына өзгөртүүлөр киргизилип, мамлекет башчынын ыйгарым укуктарынын мөөнөтү 5 жылдан 7 жылга чейин узартылып, президент болуп шайлануу үчүн белгиленген курактык чектөө жоюлган.

11-февраль кечинде «Азаттыктын» түркмөн кызматы Ашхабаддагы шайлоо тилкелеринин биринде учурдагы президент Гурбангулы Бердимухамедовдун пайдасына бюллетендерди топтоштуруп таштоо даярдалып жаткандыгы тууралуу билдирген. Андан сырткары 10-февралда шаардын мектептеринин биринде жогорку класстын окуучуларын бюллетендерди талапкер Бердымухамедовдун ысымынын тушуна белги коюп толтуруу тапшырмасы берилгени кабарланган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 1 + 6 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: