Menu

Астанада Сирия боюнча сүйлөшүүлөрдүн кезектеги айлампасы өтөт

Бөлүшүү:

15-16-февралда Астанада өтө турган Сириядагы абалды жөнгө салуу боюнча сүйлөшүүлөргө Сирия өкмөтү менен куралдуу оппозициянын өкүлдөрү, БУУнун атайын өкүлү Стеффан де Мистура жана америкалык байкоочулар расмий түрдө чакырылды.

Казакстан ТИМинин билдирүүсүнө караганда, жолугушуудагы башкы темалар — ок атпоо режимин сактоо жана Сириянын бир катар райондорундагы абалды турукташтыруу боюнча чечкиндүү чараларды кабыл алуу болот. Сүйлөшүүлөр Орусиянын жана Түркиянын демилгеси менен өткөрүлүүдө. Орусия Сириянын президенти Башар Асадды колдоп келсе, Түркия көтөрүлүшчүлөргө жардам берүүдө.

Сирия боюнча Женевадагы тынчтык сүйлөшүүлөр 20-февралга белгиленген.

БУУнун маалыматы боюнча дээрлик 6 жылга созулган Сириядагы куралдуу кагылышуулардан 300 миңден ашык киши курман болду.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 88 + = 93

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: