Казакстанда көз карандысыз «Саяси калам – Трибуна» гезитинин башкы редакторунун милдетин аткаруучу Жанболат Мамай камакка алынды. Ага акчанын изин жашырды деген айып тагылып, эки айга тергөө абагына камалды. Бул тууралуу 13-февралда «Адил сөз» бейөкмөт уюмунан билдиришти.
Мамаев редакторлук кылган гезит Казакстан өкмөтүн сындаган макалалары менен белгилүү.Тергөөчүлөр Мамайды бозгундагы казак олигархы Муктар Аблязов тарабынан уурдалган акчанын изин жашырууга көмөктөшкөн деп күнөөлөп жатышат.
Өз кезегинде журналист Аблязов менен эч кандай байланышы жок экенин айтып, кылмыш ишин саясий куугунтук деп атады.
БТА банктын мурдагы башчысы, учурда чет өлкөдө жашап жүргөн Аблязов Казакстан президенти Нурсултан Назарбаевдин башкы атаандашы болуп эсептелет. Ал Казакстандын, Орусиянын жана Украинанын укук коргоо органдары тарабынан 5 миллиард АКШ долларын өздөштүрүп алган деген шек менен изделүүдө. Аблязов айыптоолорду четке кагып, куугунтуктун саясий себептери бар экенин билдирип келет.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы“
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ