Menu

Тажикстан чек арасы аркылуу Орусиядан талиптерге курал жөнөтүлөрүн четке кагууда

Бөлүшүү:

Расмий Дүйшөмбү тажик-ооган чек арасы аркылуу Орусия өндүрүшүнөн чыккан курал-жарак  “Талибан” жоочуларына жеткирилет деген ооган депутатынын сөзүн четке какты.

Бул тууралуу Тажикстандын Ооганстандагы элчиси билдирүү таратты.

“Эки күн мурун мен депутат Абдулвадуд Паймонго жолугуп, ага бул маалыматты берген булак тууралуу сурадым. Ал жергиликтүү жашоочулар айтып жатканын билдирди. Башка далил келтирген жок. Кийинчерээк бул айың кептерди таратканы үчүн ооган ММКлары аркылуу кечирим сурады”, – деди тажик дипломаты.

Буга чейин Абдулвадуд Паймон Кабулдун каршылаштары куралды Орусиядан алып, контейнерлерди түнкүсүн Пяндж дарыясы аркылуу тажик-ооган чек арасына жакын жайгашкан Дашти Арчи жана Даркад аймактарына жөнөтүшөрүн айткан.

Абдулвадуд Паймон соңку айларда чек арада видео көзөмөлдөр орнотулганын, бул Тажистандын түштүк жагында орусиялык аскерлердин жүргөнүнөн кабар берерин кошумчалаган.

Тажикстан чек ара башкармалыгы бул маалыматты жокко чыгарып, депутат белгилеген жерде кеме жүрбөй турганын баса белгилеген.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 63 = 71

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: