Тажикстандын Хатлон облусунда энесин түрүүлөй көмгөн жергиликтүү жашоочуну сот 25 жылга эркинен ажыратты. 24 жаштагы Тагоймурод Миров 2016-жылы сентябрда үй-бүлөлүк чыр-чатактан кийин энесин күрөк менен башка чаап, андан соң аны үйүнүн короосуна тирүүлөй көөм таштаган.
Сот жараяны өткөн аптанын соңунда аяктады. Мыкаачылык менен киши өлтүрүүгө айыпталган Тагоймурод Миров бардык күнөөнү моюнга алды. Соттун билдиришинче, ал энесинен алтындан жасалган зер буюмдарды талап кылып, макул болбогон соң күрөк менен башка чаап таштаган.
Укук коргоо кызматкерлери 60 жаштагы аялдын сөөгүн бир метр тереңдикте казылган аңдан табышкан. Анын колу-буту байлануу болгон.
Кошуналар аялдын көрүнбөй калганын байкашкан, бирок баласы ал дайынсыз жоголуп кеткенин айткан. Мындан кийин алар милицияга кайрылышкан. Кылмышкер мурун дагы уурулук үчүн соттолгон. Маркумдун туугандары соттун чечимине толугу менен канааттангандыктарын билдиришти.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы“
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ