Menu

Кыргызстанга жапырт кыйратуучу зат алып кирүүнү көздөгөн орусиялык жаран кармалды

Бөлүшүү:

Екатеринбург шаарынын тургуну Кыргызстандагы коргонуу заводуна массалык кыйратуучу курал жасоодо пайдаланылчу жети тонна кооптуу материалдарды алып келүүгө аракет кылган. Бул тууралуу Урал бажы башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Мекеменин маалыматына караганда, Екатеринбургдун тургуну 6,9 тонна ичке темирлерди жана массалык кыйратуучу курал жасоо үчүн пайдаланууга мүмкүн болгон 400 килограмм уулуу затты («Б» маркасында триэтаноламин) чыгарып кетүүгө аракет кылган.

«Кооптуу жүктөрдү ал Казакстан аркылуу алып өтүүгө аракет кылган, анткени өлкө Бажы биримдигине кирет жана товарларды декларациялоо талап кылынбайт. Аларды аскердик техникаларды өндүрүү жана оңдоо менен гана алектенбестен, күнүмдүк пайдалануудагы товарларды да чыгарган Кыргызстандагы коргонуу заводуна жеткирүүнү көздөгөн», – деп билдирди мекеменин басма сөз катчысы Екатерина Демянчук.

Кармалган адамга карата «курал-жарактар менен жардыруучу заттарды уурдоо жана опузалап алуу» беренесинин негизинде кылмыш иши козголду.

«Ичке темирлерди чыгарып кетүү аракети үчүн кармалган адам сот тарабынан шарттуу түрдө 3 жылга кесилип, 50 миң рубль өлчөмүндөгү айыпка жыгылды. Химиялык курал жасоо үчүн пайдаланууга боло турган уулуу триэтаноламинди чыгаруу боюнча тергөө иштери уланууда», – деп кошумчалады Урал бажы башкармалыгынын өкүлү.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 62 − = 59

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: