Быйыл жайга чейин Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёев мамлекеттик сапар менен Казакстанга барат. Казак президенти Нурсултан Назарбаев аны жеке өзү чакырган.
Ташкенттеги дипломатиялык өкүлчүлүктөн кабарлашкандай, сапардын алкагында эки тараптуу кызматташуу жана аларды андан ары өнүктүрүү маселелери талкууланат. Өзгөчө соода-экономикалык, транспорттук-логистикалык тармактагы мамилелерге басым жазалат.
«Өз ара мамилелердин динамикасы 2016-жылдын соңунан тарта жанданды. Буга байланыштуу чечүүнү талап кылган бир нече маселелердин топтому пайда болду. Бул жактан алып караганда эки өлкө лидерлеринин жолугушуусу өтө актуалдуу», – деди Казакстандын Өзбекстандагы элчилигиндеги булак.
Мындан тышкары жакынкы келечекте жаңы түзүлгөн Коргоо жана аскер-техникалык кызматташуу министрлигинин өкүлдөрүнөн турган казак делегациясы Өзбекстанда барат. Ошондой эле улуттук темир жол операторлорунун өкүлдөрү дагы жолугушат.
Бул арада Өзбекстан президенти алгачкы расмий сапарын Орусиядан баштай турганы айтылууда.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы“
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ