Menu

Хьюман Райтс Вотч: Асад Алепподо ууландыруучу зат колдонду

Бөлүшүү:

Сириянын өкмөттүк күчтөрү соңку айларда оппозиция көзөмөлдөгөн аймактарга чабуул жасоодо ууландыруучу химикаттарды колдонду. Бул тууралуу эл аралык Хьюман Райтс Вотч укук коргоо уюму билдирүүдө.

Уюм 2016-жылдын 17-ноябрынан 13-декабрына чейин күбөлөр менен телефон аркылуу жана бетме-бет маектерди уюштуруп, видео материалдарды, сүрөттөрдү, социалдык түйүндөгү билдирүүлөрдү иликтеп чыккан. Бул аралыкта өкмөттүк авиация калк жашаган райондорго кеминде эле сегиз жолу абадан хлор төккөн. Анын кесепетинен жай тургундардан 9 киши өлгөн, алардын төртөө жаш балдар, 200гө чукул киши жаракат алган.

Хьюман Райтс Вотч уюмунун өзгөчө кырдаалдар боюнча директорунун орун басары Уле Солванг хлор төгүү кимдир бирөөнүн жеке демилгеси эмес экенин, ал шаарды ээлөө боюнча жалпы аскер стратегиясынын бир бөлүгү экенин билдирүүдө. “Сирия бийлиги же башка бири химиялык курал колдонсо, БУУнун Коопсуздук Кеңеши буга сөзсүз көңүл бурушу керек”,-деди Уле Солванг.

1993-жылы 192 өлкөнүн катышуусу менен Химиялык куралга тыюу салуу боюнча конвенция кабыл алынган. Уюм Дамаск эл аралык келишимдин негизги нормасын бузуп жатканын жана ага каршы чара көрүү зарылдыгын белгилөөдө.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 84 − = 75

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: