Өкмөт башчы болуп турганда алкы бузуктугунан «Балыкчы-Корумду» жолун курган кытайлардын Лонг-Хай компаниясынан 6 милилон доллар алган делип шектелип кызматтан кетип, сурак берип жүргөн Темир Сариев президенттик шайлоого бараарын жар салып, маалымат каражаттарынан өлкө кызыкчылыгын коргогон мамлекеттик ишмер катары өзүн катуу пиар кылууда. Кызарган жерди баса калган «Шодокондун бүркүтүндөй» болгон суктугу үчүн кьшмыш иши козголуп сурак берип жүрүп, «чычкан ийинине кире албай жатып куйругуна калбыр байлайт» болуп, ажо болом десе күйөсүң. Кайсы арыңа деген киши жок. Колу туткак деген шек менен козголгон кылмышың үчүнбү же «Үңкүр-Тоону» Өзбекстандыкы деп таанып, аз жерден ыйгарып жибере жаздаган эмгегиң үчүнбү? Же эл арсында аңызга айланып айтылып жүргөн Сокулуктан оштуктарды кууп чыкмак болгон трайбалисттик кылыгың үчүнбү? Мурдуңа карап бышкырсаң боло…
Булак: “Фабула”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ