Казакстанда аскер жана коррупцияга каршы күрөшүү кызматкерлери катышкан кылмыш иштерин тергөөнү Улуттук кооопсуздук комитетине өткөрүп берүү сунушталууда.
Казакстанда жемкорлукка байланышкан иштерди негизинен Коррупцияга каршы күрөшүү боюнча улуттук бюро иликтейт.
Астанадагы парламент жыйынында башкы прокурордун орун басары Иоган Меркель Улуттук коопсуздук комитетине “атайын органдарга” карата козголгон кылмыш иштерди иликтөө укугун берүү сунушталып жатканын билдирди.
Казакстанда учурда укук коргоо системасын жакшыртуу боюнча мыйзам долбоору каралып жатат. Ага ылайык, тергөөчүлөрдүн жана соттордун ыйгарым укуктарын кеңейтүү каралууда. Ошондой эле укук коргоо органдарына каршылык көрсөткөндөргө айыппулду 11 миллион теңгеге чейин (34 миң доллардын тегереги ) көбөйтүү сунушталууда.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы“
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ