Бүгүн, 16-февралда Бакуда АКШ Башкы штабынын Бирдиктүү жетекчилер комитетинин башчысы Жозеф Данфорд менен Орусиянын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын башчысы Валерий Герасимовдун жолугушуусу болот.
Politico басылмасы Пентагонго шилтеме кылып кабарлагандай, анда «Орусиянын акыркы агрессиялуу аскердик аракеттери» жана президенттик шайлоо маалында Дональд Трамптын жардамчысынын орусиялык чалгын менен байланыштары болгондугу тууралуу акыркы билдирүүлөрдүн айланасында сөз болот.
Өз кезегинде ТАСС агенттиги Орусиянын Коргоо министрлигине шилтеме кылуу менен жолугушууда дүйнөнүн кризистик аймактарындагы аскердик өз ара мамиленин келечеги жана «аскердик ишмердүүлүккө байланышкан» жаңжалдардын алдын алуу маселелери талкуулана турганын билдирди.
АКШ Крымдын аннексияланышы жана Украинанын чыгышындагы окуяларга байланыштуу 2014-жылдын жазында Орусия менен болгон эки тараптуу аскердик байланыштарын убактылуу токтоткон.
Акыркы жолу Орусиянын Башкы штабынын башчысы менен АКШ Башкы штабынын Биргелешкен комитетинин төрагасы 2014-жылдын январынын соңунда, Брюсселде өткөн аскердик кызматташтык боюнча эки тараптуу жумушчу топтун жыйынынын алкагында жолугушкан.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы“
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ