Menu

Мирлан Бакиров, ЖК депутаты: “Учурдагы электр энергиянын өздүк наркы 43 эле тыйын турат”

Бөлүшүү:

Электр жарыгы кымбаттайт экен, эл чырак менен жашайбы?

Акылдуулар ар дайым элдин эсебинен жашап келгени ырас. Таңгөрүнүкү эми замандын “акылдуу эсептегичтери” дагы карапайым калктын канын кактабай соро башташыптыр. Кайда барба электр энергиясына чыгып келген суммаларга нааразы болгон эле адамдар. Чын эле буга чейин ашып кетсе

2 миң сомго жагып келсек, эми жанагы эсептегич­тери, колдонгон энергияны жөн эле эсептеп койбой, 3 эсеге көбөйтүп дагы берет окшобойбу. Жарандарыбыздын алды10 миң, арты 4 миң сомдон төлөп жатышат. Болбосо өлкөдөгү орточо айлык дагы бул сумманы төлөгөнгө жетпейт. Макул шаардагылар ыйлай-сыктай айлыгыбызды бүтүн карматсак дагы кутулат экенбиз. Ал эми айда-жылда акчаны бир көргөн айыл жергелериндегилер кантип жатат экен катыгүн. Балким колдо бар бирин-экин мал жанын сатып болсо дагы алгачкы жылдары чыдашаар. Андан кийин жарыгы жок илгерки чырак жакмай жашоого өтөт окшоп калабыз го. Себеби, өкүмият аке буга алымсынбай тарифти дагы көтөрө турган болуп чыкты. Болбосо тиги ЖоКедеги өнүгүүчү депутат Мирлан Бакиров деген мырза, өгүнү пар­ламент жыйынында, учурдагы электр энергиянын өздүк наркы 43 эле тыйын экенин айтып чыкты го. Ошондой болсо, ортодогу пайданы көрүп жаткан “мителерди” тазалоо убактысы келген окшойт. Учурда эдектр энергиясына нааразы болгон аймактагылар көтөрүлүп жатыптыр. Бардыгы дал ушул маселеден башталчу эмес беле, деги кырдаал курчуп кетип жаз алды менен дүйнөгө дагы бир жолу уят болбосок эле болгону.

Булак: “Ачык саясат”

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 7 + 3 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: