Menu

Мелис Турганбаевди уят кылган, Саматты теңине албаган Айбек Жайлообаевдин тизгинин ким тартат ыя?

Бөлүшүү:

Бишкек шаардык Ички иштер башкы башкармалыгына караштуу Биринчи май райондук Ички иштер башкармалыгынын башчысы Айбек Жайлообаевдин иштеген ишине «нөл» деген баа берсе туура болчудай. Бул жигиттин артынан бир топ нааразы пикирлер коомчулук тарабынан да, мурда-кийин, керек болсо азыр иштеп жаткан өздүк курамы тарабынан да айтылып келет. Бирок карапайым адамдарды мындай кой, өздүк курам менен тил табыша албаган полковникти эмнеге кармап турасыңар деген суроого жооп берчү киши барбы? Же Улан Исраилов бул жигитти кызматтан алгандан коркуп жатабы? Ансыз да мыкты иштеп жаткан Жеңиш Жоробековду иштен алдыңар го. Анын жанында Жайлообаевди иштен шыпыруу кыйын болуп жатабы? Таянганы өкүл атасы Мелис Турганбаев деп угуп жатабыз. Бирок аны Мелис Турганбаев «иштебе, мени уят кыл» – деп ишке койгон эмес да. Жайлообаев текебер мүнөзү менен Турганбаевди элге-журтка шерменде кылып бүттү. Жайлообаевдин «крышасы» Турганбаев экен деген эле кишилер. Же анысы иштин көзүн билген, карапайым адамдардын тагдырын чече алган бирөө болсочу. Ошончолук эле Жайлообаевди «жайлагыңар» келбей жатса анда эл менен иштеген эмес, ИИМдин ичинен кагаз-пагаз менен иштеген кызматка койсоңор боло. Бул жигит Бишкек ШИИББнин башында турган шефтерин да тоготпойт экен. Баскан-турган жеринде эле «менин деңгээлим жогору, Бишкек ШИИББинде, керек болсо ИИМде мен отурушум керек эле» дейт экен. Кыскасы Саматын да, Сталбегин да, керек болсо «Жансакчыны» да уруп ойнобойт экен. Мындай теңсинбеген текебер мүнөзү менен кызматтан кетпей иштеп жатканын карабайсызбы кысталактыкы. Эми эмне болот ыя? Буга чейин Свердлов районунда Улан Исраилов менен бирге иштеп калган үчүн, балким бирге ичип-жеп калган үчүн корголоп турабы? Болбосо куйругуна калбыр илинген эмени эбак жоготуп тынышмак…

Булак: “Ачык саясат”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 8 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: