Menu

Бүгүн Жалал-Абад шаардык кеңешинде экинчи жолу сессия өтпөй калуу коркунучу турат

Бөлүшүү:

Жалал-Абад шаардык кенешинде  2-жолу сессияны уюштуруп  өткөрүү аракети көрүлүүдө. 2017-жылдын 16-февралында шаардык кенештин жыйындар залына жалпысынан 20 депутат келди, башынан бери талаш-тартыш маселени  ынтымакташып чече албай жатышкан жаны VII чакырылыштын депутаттарынын бул жолку сессиясы да кайым айтышуу менен башталды. “Ата-Журт” партиясынын мүчөсү Э.Ормоков, 2017-жылдын  12-январындагы өткөрүлгөн сессиясынын чечимине ылайык төрагынын орун басары болуп шайланган боюнча, бүгүнкү сессияны алып баруу ыйгарым укугуна ээ экенин жар салды. өз кезегинде СДПК, Кыргызстан жана “Республика – Ата-Журт” партияларынын биригүүсүндө түзүлгөн “Ынтымак”  коалициясынын лидери А.Мамасыдыков: “Биринчи сессия деп айтьлып жаткан сессияда депутаттардын ичинен эн улуу депутат сессияны алып барган эмес жана төраганын орун басары шайлана элек шаардык кенештин төрагасына  орун басар болуп шайланды деген токтомдун канчалык мыйзамдуу экенин тактоо үчүн биз сотко кайрылганбыз. Ал эми, сот тарабынан “жергиликтүү кенештин сессиясын өткөрүү тартиптери боюнча өз” – деген жооп берилди. Ошондуктан бүгүнкү сессияны уюштуруп өткөрүү боюнча ар бир депутат маалымат алган жана мыйзамда так көрсөтүлгөндөй биз жашы улуу депутат сессияны алып барып, андан ары процедура боюнча иш алып барууга токтолдук”- деп билдирди. Төраганын орун басарымын деген таризде президиумда алып баруучулук кызматын аткаруу аракетинде болуп жаткан Эрнис Ормоков: “Эгер биринчи сессияда кабыл алган токтомду бул жерде олтурган депутаттар тааныбай турган болушса, анда мен бул сессияга катышуудан баш тартам” – деп залдан чыгып кетти. Бүйүрдү кызыткан сессиянын жүрүшүндө “өнүгүү” фракциясынын лидери Майрамбек Адылбеков: “Урматтуу катышуучулар жана маалымат каражаттары! Бүгүнкү инцидентти көрүп жатасыздар. Бизде үч маселе бар, “Биримдик” коалициясы кабыл алган чечимдерге ылайык: 1. Төраганын орун басары болуп шайланган Э.Ормоков сессияда төрагалык кылуусу керек; 2. Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу мыйзамынын 36-беренесине ылайык 21 депутат демилге көтөрүп кабыл алган токтомду жокко чыгаруусу керек; 3. Ынтымакта, биз менен консесуска келип “үлгүлүү шаар куралы!” жана башка жакшы жумуштарды аткаралы ж.б.у.с.” – деген пикирин трибунада туруп билдирди да, бул сессияга катышуудан баш тартам деп ал да чыгып кетти.
Келген депутаттардын сунушу боюнча жашы улуу депутат Гулмира Кудашова сессияны алып баруу укугун алды да: “Бүгүнкү сессияда түзүлгөн кырдаалга ылайык, келбей жатышкан депутаттарга 2 саат убакыт берели. Эгер шаардын кызыкчылыгы үчүн иштейбиз дешсе, келишсин да шаарга тиешелүү маселелерди карайлы” – деп, 2 саат убакытка танапис жарыялады.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 19 − 15 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: