Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу сот адилеттигинин Жогорку мектеби «Кыргыз Республикасында мыйзам үстөмдүгүн бекемдөөгө колдоо көрсөтүү» Европа Биримдигинин долбоору менен биргеликте 2017-жылдын 16-17-февралында Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын I-инстанциядагы жергиликтүү сотторунун биринчи жолу шайланган төрагалары үчүн Ош шаарында пилоттук тренинг өткөрүүдө.
Иш-чаранын тренерлери: Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунун төрайымы Э. Джаркеева, Чүй облусунун Аламүдүн райондук сотунун төрагасы А. Узакбаев. Ошондой эле Европа Биримдигинин долбоорунун эл аралык эксперттери, Германиянын отставкадагы судьялары Манфред Верт жана Хельмут Палдэ.
Тренингдин ишине 16 төрага катышууда.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ