Menu

КСДП кимдин тиреги болот? О-оо, убадалар…

Бөлүшүү:

2015-жылдагы парламенттик шайлоодо КСДП фракциясынын, жаңылбасак эл журт алдына алып чыккан башкы ло­зунгу “Биз силердин тирегиңер болобуз” деп аталса керек эле. Азыр ошол тирек болчу КСДПнын абалы кандай? Арданбай, чычалабай угушса азыр КСДПнын кадыр-баркы мындан 5 жыл мурункуга караганда бир топ ылдыйлады. Бул өжөр чындык. Айрыкча акыркы чакырылыштагы депутаттар түрмөгү элге, эл алдында өздөрүн абройлуу, ишеничтүү, бир кезде өздөрү туу катары көтөрүп чыккан лозунгундай элге тирек боло алган жок. Алар азыр катардагы эле партиялардын бириндей, эң негизгиси кетчү президенттин партиясы болуп калды. Анан калса КСДПынын ичинде ич ара ынтымак чынында эле ирээтсиз болуп калганын өткөндө Ө. Бабанов спикердин отставкасын ишенимдүү кебетеде талап кылып жатканда да бир көрүндү. Ошол инцидентте башкалар эмес, ошол эле СДПКнын ичинен бир нече депутаттар ошол моментти эле күтүп тургансып Ч.Турсунбековду “жөөлөп” киришти. Анан калса фракция ичинде Крыловдун тамсилиндей А. Жээнбеков, И.Өмүркулов, Ч.Турсунбеков сыяктуулар “рак, щука, лебедь” болушуп, өз ара тирешип, ушундай бөлүнүшүүдөн уламбы, үч айдан бери КСДПнын саясий кеңеши өтпөй келет. Кыясы, чоң тарыхы бар партиянын мындай абалга кептелишине ошол акыркы шайлоо алдында ажону ынандырып, анын тизмесин түзүүгө өзгөчө ким кириптер болсо ошол адам КСДПнын убалына калды окшойт? Ал туурасында кийин дагы да сөз кылаарбыз… Айтмакчы буга чейин А. Атамбаев КСДП партиясынан президенттикке талапкер чыга турганын белгилеген жайы бар. Бул бүгүнкү күндө аталган партиянын алдындагы эң негизки маселеси. Негизи эле кайсы гана шайлоо болбосун ал шайлоодо ийгиликке жетиш үчүн башкы үч шарттын сөзсүз болушу айтылып келет. Биринчиден, талапкерлердин саясий салмагы, эл алдындагы кадыр-баркы, экинчиден, “жандооч кийик аттырат” дегендей аны сүрөй турган мыкты мобилдүү командасы. Үчүнчүдөн, оңбогондой финансы каражаты. КСДПда мисалы акча-финансы маселеси чики-чики. Калыптанган команда дагы бар десек болот. Бирок, КСДП көрсөтчү талапкер жөн эле адиминстративдик күчкө салып эмес, республикалык масштабда түндүгү менен түштүгүнө толук жакпаса да ошого татый турган инсанды, мындайча айтканда саясий аренага алар мыктынын мыктысын сууруп чыга алышаар бекен? Андай болбой, балким “чийки” талапкер чыгып кала турган болсо башка саясий күчтөр жана партиялар үчүн плюс дегендик. Кыскасы, талапкер тандоо маселеси КСДП үчүн чын эле чоң маселе болуп турат окшойт…

Кенжебек Арыкбаев

Булак: “Ачык саясат”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 45 − = 35

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: