Menu

Музаффар Исаковго кылмыш иши Икрамга ЖК депутаттыгына жол ачыш үчүн ачылдыбы?

Бөлүшүү:

КРнын Башкы прокуратурасы тарабынан КСДП фракциясынан депутат Музаффар Исаковго карата Кылмыш кодексинин 303-беренеси (коррупция) боюнча кылмыш иши козголгондугу белгилуу болду.

“Президенттик партиянын кулундарына ачык айбат көрсөтүшчү эмес эле, мунусу түшүнүксүз болуп калды, же чын зле АША коррупцияга каршы кетеринде катуу күрөшүүнү чечтиби?”- дегендер да жок эмес.

Башкы прокуратуранын маалыматына караганда, Музаффар Исаков Жалал-Абад облусунун Сузак районуна караштуу Таш-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы болуп турганда райондук мамлекеттик каттоо жана архитектура кызматкерлери менен алдын-ала сүйлөшүү жана өз ара аракеттенишүү жолу менен 2010-2015-жылдар аралыгында жалпы аянты 14,34 гек­тар айыл чарба багытындагы жер тилкелерин жеке турак жай курууга берүү тууралуу 315 мыйзамсыз токтом чыгарган. Текшерүүнүн жүрүшүндө бир катар жарандар көрсөтүлгөн жер тилкелерин 1,5 миң доллардан 3 миң АКШ долларына чейинки баада сатып алгандыгы тууралуу түшүндүрмө беришкен. Учурда бул кылмыш ишин иликтөө КР УКМКга берилген.

Айрам билермандар бул иш орто жолдон эле жабылып кетерин жар салып чыгышты. Себеби, алардын айтуусунда, башкы максат КСДП үчүн Сузакта “ишенимдүү тирек” болуп берген Музаффарды каматыш эмес, аны депутаттык мандатынан баш тарттыруу имиш. А бошогон орунга айтылуу Икрамжан Илмиянов келатыптыр. Ал да парламентке Аалы Карашевге окшоп ‘‘десант” болуп түшүрүлөт экен да, Аалы – спикер. Икрам – фракция лидери болору айтылууда.

Булак: “Майдан”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 7 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: