Menu

БУУнун чабарманы Астанадагы Сирия сүйлөшүүлөрүнө келбейт

Бөлүшүү:

БУУнун атайын чабарманы Стаффан де Мистура Сириядагы ок атышууну токтотуу боюнча Астанада башталган сүйлөшүүлөргө келбейт. Чабармандын маалымат катчысы Яра Шариф билдиргендей, анын ордуна беш кишиден турган топ келет.

Де Мистура 16-февралда Москвага келип, Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров менен жолугушат. Бул тууралуу ТИМ өкүлү Мария Захарова билдирди.

Астанада бүгүн Сирия боюнча эки тараптуу жолугушуулар жана пленардык жыйын өтөт.

Шаршембиде сириялык оппозиция өлкөдөгү саясий өткөөл мезгил тууралуу Сирия өкмөтү менен көзмө-көз сүйлөшүүнү каалай турганын билдирген.

Алдыңкы оппозициялык коалициянын өкүлү Салим аль-Муслит Rеuters агенттигине билдиргендей, оппозиция мурдагыдай эле президент Башар Асаддын кызматтан кетүүсүн талап кылууда.

Салим аль-Муслита Женевада 20-февралда өтө турган сирия аралык тынчтык сүйлөшүүлөрү учурунда Дамаск менен кеңешме өтүшү мүмкүн экенин айтты.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 99 − = 95

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: