Menu

Улукбек Кочкоров, экс-депутат: “Электр тармагынан жылына 40 миллион долларга чейин акча уурдалат”

Бөлүшүү:

— Тилекке каршы айлык акы жогорулабай, эл барган сайын жакырланып кетип жатат. Эгерде биз чет өлкөдө баа мынча экен деп алардын алган айлык маянасын карабай туруп, тарифи мынча экен деп салыштырып акчасын көтөрө бере турган болсок сөзсүз түрдө элде нааразычылык пайда болушу мүмкүн. Бүгүнкү күндө чынында эле эл кыйналып калды. Курсагы ток бала ач бала менен ойнобойт дегендей бүгүн ток кишилер ачка элдин акыбалын билбей жатат. Бүгүнкү күндө тарифти көтөрүүгө эч кандай негиз жок. Бүгүн Кудайга шүгүр, суу көп, жетишээрлик болду. Өзүбүздүн ТЭЦтен чыккан эмес, гидро энергетикадан өндүргөн энергия. Анын өндүрүлгөн баасы арзан эле. Бааны көтөрүүгө эч кандай муктаждык же шарт жок. Ушул маселе Жогорку Кеңеште көтөрүлүп жатканда биз атайын эсептөө палатасына тапшырма берип баа көтөрүү канчалык деңгээлде максаттуу анализ жасап бергиле дегенде энергетика системасында мурдагы убакыттан бери калыптанган 5–6 туруктуу уурдоо акча жасоочу схемалары бар, ошолорду жойсо керектүү акчаларды энергетика тармагына тапса болот деген жыйынтык маалыматты алганбыз. Ортомчу компаниялар мамлекеттик ишканадан эки эсе арзан алып, эки барабар кылып жок жерден байып жатышкан схемасын айткан. Ал жерден 40 миллион долларга чейин бир жылда акча уурдалат. Же болбосо энергетикалык жоготуулардан 3,5 млрд сом акча уурдалып жатат деген эсептөөсүнүн корутундусу болгон. Мындан сырткары сатып алууларда энергетикага керектүү болгон жабдуулардын жана башка товар материалдарды сатып алганда эки эсе, керек болсо андан дагы көбүрөөк баада сатып алгандын негизинде канча залака келип жаткандыгы боюнча бир топ аргументтерди келтирген. Эгер ошолорду жойсо бүгүнкү күндө энергетикага жетишпеген акчаны тапса болот. Элге жүктөбөстөн энергетиканын ичиндеги туура эмес акча уурдоолорду жоюу менен энергетиканын маселелерин жойсо болот деген эсептөө палатасынын корутундусу келген. Тилекке каршы ошону дагы эске албастан жок тарифти көтөрүшүбүз керек деп туруп орто мөөнөттүк тариф саясатын өкмөт Жогорку Кеңештен көпчүлүк добуш менен өткөрүп алышкан. Ошого жараша мамлекет тариф иштерин жүргүзүп жатат. Ал токтом боюнча ар алты айда тариф 10% көтөрүлөт деген норма бар. Өткөн жолу көтөрүлөт дегенде элдин нааразычылыгы күч алганда ал токтомду жылдырып турду. Бирок ал токтомду эч ким жокко чыгарган жок. Токтом энергетикадагы орто мөөнөттөгү тарифтерди бекитүү боюнча деген токтом. Токтом бүгүнкү күндө иштеп жатат, анын негизинде өкмөт тарифтерди көтөрүү аракеттерин көрүп жатат. Бирок бул бүгүнкү күндө элдин нааразычылыгын пайда кылып, кыйналып жаткан элди көчөгө чыгарып коюшу толук ыктымал. Анын үстүнө акылдуу эсептегич, компьютер эсептейт деп айтып коюп элдин чөнтөгүнө кол салып жатат. Мунун баары абдан чоң нааразычылыкты пайда кылып жатат. Ошондуктан бул багытта бийлик төбөлдөрү, бийликтин атынан чечим кабыл алып жаткан адамдар ойлонуп иш кылат үмүттөмүн. Бул оңой олтоң иш эмес. Мунун кесепети жаман болуп калышы мүмкүн. 2010-жылдагы элдин көтөрүлүүсүнүн бирден бир маселеси тариф болгон. Эски тарых азыркыларга сабак болуш керек деген ойдомун.

Булак: “Жаңы ордо”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 72 − = 69

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: