Президенттик шайлоо алдында бюджеттик чыгымдардын өсүүсүнө бөгөт коюу зарыл. Бул тууралуу 9-15-февраль аралыгында Бишкекте болгон Эл аралык валюта корунун миссиясынын иликтөөсүндө айтылат.
Кордун белгилешинче, салык күткөндөн аз чогулганына карабай, Кыргызстандын бюджеттик таңкыстыгын 2016-жылы ички дүң өнүмгө карата 4,5% дэңгээлинде кармап турууга мүмкүн болду. Бул көрсөткүч айрым чыгашаларды кыскартып, кээ бир инвестициялык долбоорлорду кийинкиге жылдыруу аркылуу камсыздалды.
Кордун билдирүүсүндө 2017-жылы ички дүң өнүмгө карата бюджетин тартыштыгын 3% өлчөмүндө сактап турууга аракет кылуу керектиги айтылат.
Миссиянын башчысы Эдвард Жемайел ундан кошумча нарк салыгын алып таштоо, мамлекеттик сектордогу айлык төлөө фондун рационалдаштыруу жана товар менен кызмат көрсөтүүдөгү чыгымдарды оптималдаштыруу сыяктуу өткөн жылы башталган иштерди улантуу керек деп эсептейт.
«Ынанымдуу жана ачык бюджеттик тартиптер фискалдык дициплинаны колдоого жардам берет», – деди ал.
Эл аралык валюта корунун минссиясынын башчысы тышкы экономикалык басымдардын азайышы менен өлкөнүн экономикалык көрсөткүчтөрү жакшырганын, бирок калыпка келүү темпи анча жогору эместигин баса белгиледи.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ